Кыргыз бийлигинен башпаанек сураган украиналык Артем Бородинди 2025-жылы жергиликтүү милиция Орусиянын өтүнүчү менен Бишкекте кармаган. Ал бир жылдан ашык тергөө абагында отурду.
Медицина тармагында иштеген кызматкерлер нефролог Насира Бейшебаевага мунапыс берүүнү же жазасын жеңилдетүүнү өлкө бийлигинен өтүнүп кайрылышты. 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Насира Бейшебаеваны үч жылга абакка кести.
Медицина тармагында иштеген кызматкерлер нефролог Насира Бейшебаевага мунапыс берүү же жазасын жеңилдетүү өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылды. 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо борборунун нефролог дарыгери Насира Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратты.
Орусияда 15 жаштагы кыргызстандык кыз “теракт” жасоого шектелип, жети жылга кесилди. Секелек ушул жылдын 23-февралында Санкт-Петербургдагы май куйган жайды өрттөөгө шектелип кармалган. “Азаттык” өспүрүмдүн жакындары менен байланышканда белгилүү себептен улам алар комментарий берүүдөн баш тартты.
Кыргыз бийлигинен башпаанек сураган украин жаранын 2025-жылы жергиликтүү милиция Орусиянын өтүнүчү менен кармап, ал бир жылдан ашык тергөө абагында отурду. Эми сот чечими менен эркиндикке чыккан украиналык аны кыргыз бийлиги Орусияга экстрадициялап жиберет деп кооптонуп жатат.
Президент Садыр Жапаров акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугуп, өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулады. Ал кыйноого кабылган, укугу бузулган жарандардын кайрылуулары боюнча укук коргоо органдарынын ыктымал басымынан же мыйзамсыз аракеттерден коркпой иштөө керектигин айтты.
Кыргызстанда тергөө абагында кармалып жаткан казакстандык жарандар казак, кыргыз президенттерине кайрылышты. Алар Кыргызстанда жапырт башаламандык уюштурууга айыпталып жатышканын, бул жалган жалаа экенин билдиришкен. Жаза аткаруу кызматы кайрылуу боюнча комментарий бере элек.
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатат. Бул дата Бишкек Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп жаткан күндөргө туш келди. Кыргызстан баш калаасы жыйырмага жакын өлкөнүн лидерлерин кабыл алууда.
Ошто күйөөсү урган келин ооруканага түштү. Анын апасы кызы 9-августта катуу сабалганын, буга чейин да жолдошунан зомбулук көрүп келгенин айтууда. Гүлзада Назированын абалы начарлап, 23-августта Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Аксы районунда 25 жаштагы Айчүрөктүн асынып каза болгону айтылганына бүгүн кырк күн болду. Жакындары экспертизанын жыйынтыгы ушул күнгө чейин чыкпаганын айтып, иштин калыс жана адилет тергелишин талап кылууда.
Кыргызстандын атайын кызматы Threads социалдык тармагынын эки колдонуучусу кармалганын жарыялады. Аларга соцтармакка жазган билдирүүлөрү менен "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген айып тагылууда. Акыркы маалда дал ушул соцтүйүндө бийликке сын айткан пикирлер байкалып жатат.
20-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук угуу жабык өттү. Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун адвокаты билдирди. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды.
Дагы жүктөңүз