“Азаттык” эл аралык иликтөөчү журналисттердин материалында Беларуска Евробиримдиктин санкцияларын айланып өтүүгө жардам көрсөткөнү айтылган кыргыз компаниялардын негиздөөчүлөрүн тапты. Алар иликтөөдө айтылган фактыларды четке кагышты.
Ашлямфу - крахмал менен камырдан жасалган муздак жана ачуу тамак. Ал эчак эле Каракол шаарынын визиттик картасына айланган. Ашлямфунун эң даамдуусу "Ак-Тилек" базарында сатылат. Базарга ашлямфунун даамын татып көрүү үчүн келген туристтердин да, жергиликтүү элдин да аягы үзүлбөйт экен.
Кыргызстандын тигүү тармагы бир жылда 4 млрд. 800 млн. сомдон ашык кийим-кечек товарын өндүрсө, анын 80% Орусия менен Казакстанга жөнөтүлөт. Мындан улам базарда түрдүү кызматтар пайда болгон. Мисалы, товар таңгактаган, товарларды жеткирген атайын Карго компаниялары көп.
“Дордой” базарында 5-июлда катталган өрттөн соодагерлер 100 млн. сомдой чыгым тартканы айтылды. Алар азыркы тапта базардын жетекчилигинен жана өкмөттөн жардам күтүп жатышат.
Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусунун бир канча райондору менен чектешет.
Кыргыз өкмөтү кумшекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизди. Акыркы кезде анын килограммы 100 сомго чыкты. Украинадагы согуштун кесепети, кургакчылык дүйнө жүзүндө тамак-аш баасына таасир эткени, анын эпкини Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөнү айтылууда. Экономисттер мындай учурда ар бир өлкө өз өндүрүшүн өргө жылдырышы керектигин белгилешүүдө. "Азаттык" тамак-аш баасы карапайым элге кандай таасир эткенин билүү үчүн шаардыктарга микрофон сунду.
Талас шаарынын тургуну Орозбүбү Байдөөлөтова бөдөнө багуунун жолун өздөштүрүп жатат. Ал бөдөнөнүн жумурткасын, этин дарылыкка колдонот. Андан артканын сатып, киреше табат.
Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтүүдө. Анда экономикалык өнөктөштөр соода-сатыкты күчөтүп, Орусия туш болгон санкцияларды талкуулады. Кечээ саммит алдында ири форум өтүп, анда экономикалык байланыш эле эмес, идеологиялык маселелер жөнүндө сөз болду.
Бишкектеги эл үзүлбөгөн Ош базарынын жанында дээрлик бир кылымга жакын тарыхы бар китепкана жайгашкан.
Катуу жааган жамгыр Кара-Суу районунда 580 гектар пахтаны керектен чыгарды. Дыйкандардын көпчүлүгү зыян тартып, ушул тапта эгинди кайрадан эгүүнү ойлонуп жатышат. Кара-Суу районунун Айыл чарба департаменти зыян тарткан дыйкандарга өкмөт тараптан колдоо көрсөтүүгө убада берди.
Улуттук валюта – сомдун кабыл алынганына 29 жыл болду. Сом чейрек кылымдан ашуун ар кыл шартта туруктуулугун сактаган улуттук валюталардын катарына кирди. Орусия-Украина согушунан улам пайда болгон дүйнөлүк валюта кризиси кыргыз сомунда да олку-солкулукту жаратууда.
Дагы жүктөңүз