Сырттан товар ташыган ишкерлер бажы кызматкерлери сырттан кирип жаткан товарларга бажы тарифин белгилөөдө баасын жана салмагын каалагандай көтөрүп, аягында мунун баары карапайым керектөөчүгө түшкөн жүк болуп жаткандыгын ырасташат. Бажы кызматы бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлүп жатканын маалымдады.
Казакстандык провайдерлер интернетке бааны кайра арзандатары күмөн жаратууда. Мөөнөтү өтсө да Казакстандын жаңы келишим сунуштабаганы кыргызстандык байланыш операторлорунун тынчын алууда.
Өзбекстан чек арасы жабык болгондуктан, бир нече жылдан бери Кыргызстанга жашылча, мөмө-жемиштер анча келбей калган. Ошол себептүү жергиликтүүлөр арасында коон, дарбыз, кулпунай, гилас жана анар өндүрүү көбөйгөн. Маселен Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айылындагы Абдунасыр Нышанов муктаждыктан улам алты со
Акыркы жумалардагы автомобиль газынын таңсыктыгы баалардын көтөрүлүүсү менен коштолду. 8-октябрда автогаз дагы бир сомго кымбаттап, 24,5 сомго чыкты. Акыркы төрт айдын ичинде автогаздын баасы Кыргызстанда 5-6 сомго чейин жогорулады.
Жалал-Абаддын Ноокен районунда жашаган багбан уникалдуу өсүмдүк саналган тропикалык жемиштердин түрүн өстүрүп өздөштүрө баштады. Азыр анын күнөскана тибиндеги багында банан, киви, лимон ж.б. ушул сыяктуу 17 түрлүү тропикалык өсүмдүк бар.
Мындан эки жыл мурун Кыргызстандын Коргоо кеңеши биологиялык активдүү кошулма деген дары-дармектерди сатууну иликтеген комиссия түзүп, Саламаттык сактоо министрлиги аны врачтардын сатуусуна тыюу салган.
Жеке ишкер Чүйдө 100 миллион сом каражат коротуп салган “ЮниЛаб” логистикалык борбору ар кандай тоскоолдуктардан улам ишке кирбей турат.
Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушу, эл аралык саясий, экономикалык олку-солку мамилелер эпкини Түркиядан Бишкекке жүк ташыгандардын ишин кыйын абалга кептеди.
Мал-жандыкты идентификациялоо боюнча 40 миллион сомдук пилоттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар топтордун ортосунда “айыгышкан” күрөш күч алды.
Түркиядан Кыргызстанга жүк ташыган фирмалардын бизнеси кескин солгундап, аны менен бирге чек арада ыксыз текшерүүлөр көбөйгөнүн айтышууда.
Кечээ Беларус президенти Евразия экономикалык биримдигине киргенден майнап чыкпай жатканын кыйытса, Армениянын оппозициялык күчтөрү өлкөнү аталган уюмдан чыгууга чакырык таштоодо.
Дагы жүктөңүз