Жеке ишкер Чүйдө 100 миллион сом каражат коротуп салган “ЮниЛаб” логистикалык борбору ар кандай тоскоолдуктардан улам ишке кирбей турат.
Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушу, эл аралык саясий, экономикалык олку-солку мамилелер эпкини Түркиядан Бишкекке жүк ташыгандардын ишин кыйын абалга кептеди.
Мал-жандыкты идентификациялоо боюнча 40 миллион сомдук пилоттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар топтордун ортосунда “айыгышкан” күрөш күч алды.
Түркиядан Кыргызстанга жүк ташыган фирмалардын бизнеси кескин солгундап, аны менен бирге чек арада ыксыз текшерүүлөр көбөйгөнүн айтышууда.
Кечээ Беларус президенти Евразия экономикалык биримдигине киргенден майнап чыкпай жатканын кыйытса, Армениянын оппозициялык күчтөрү өлкөнү аталган уюмдан чыгууга чакырык таштоодо.
Кадамжай районундагы фестивалга алманын 20дай сорту, андан жасалган суусундуктар жана тамак-аштын түрлөрү коюлду.
26-сентябрда Алжирде эл аралык энергетикалык форум башталган. Анын алкагында ОПЕК мүчөлөрү менен ага кирбеген мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусу белгиленди. 28-сентябрда ал жолугушууда мунайдын баасы көңүл борборунда болмокчу.
Кара-Кулжа районунда экинчи жолу “Тоо балы” фестивалы өттү. Аймактардан чогулган элүүдөн ашык балчы өз продукцияларын элге жайып, аарынын жаңы породаларын өстүрүүнү үйрөнүштү. Фестиваль алкагында атайын форум өтүп, анда балды өндүрүүнүн жана экспорттоонун көйгөйлөрү талкууланды.
Завод-фабрикалар да карыйт. Чехиянын Төмөнкү Витковице металлургиялык заводу эскилиги жетип токтотулгандан кийин Улуттук-маданий эстелик деп жарыяланып, музейге жана илимий-техникалык борборго айлантылган. Острава шаарындагы бул музейди көргөнү келгендердин аягы суюлбайт.
Таласта төөбуурчактын баасы 50 сомдон ашты. Баа дагы жогорулайт деген дыйкандар төөбуурчакты оруп-жыйноо учун эмгек акылардын жогорулап кетишине деле макул. Төөбуурчак талааларына жалданып иштеген бригадалардын ар кимиси кунуно эмгек акысы учун 700 дөн 2000 сомго чейин таап жатышат. Былтыр талаадагы
Кыргызстанда жылына 91 миң тонна алма малга жем болуп кетет же чирип жок болот. Ал эми өрүктүн 85% Өзбекстан, Тажикстанга сатылып, андан ары Тажикстандын же Фергана өрөөнүнүн кургатылган өрүгү деген бренд менен Орусияга, Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.
Казакстанда дал ушундай жол менен соода кылган ишкерлер каттоого туруп, мамлекетке салык төлөөгө милдеттендирилди.
Дагы жүктөңүз