Кыргызстанда бир нече жылдан бери турукташып калган ундун баасы кайра кымбаттай баштады.
Малдын кулагына тагылчу биркаларды сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы ызы-чуу жаратты.
Максим Бакиевдин өнөктөштөрү азыркы бийлик менен кызматташканы тууралуу материалдар жарыяланды.
"Ыңгайсыз суроолор" телекөрсөтүүсүнүн бул жолку чыгарылышында сойкулукту кесип кылган кыздар тууралуу сөз болду.
Кытай-Кыргызстан cүйлөшүүсүндө темир жолу жана ГЭСтерди курууга кытайдан инвесторлорун тартуу маселеси козголгон жок.
Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар боюнча, 200 миңден ашык кыз-келин тигүү тармагында иштесе, анын 90 пайызы көмүскө иш алып барат. Адистер өмүрүн тигүү тармагына арнагандар жашы өткөндө пенсия жана башка жөлөкпул албай калуу коркунучу бар экенин айтышат.
Экспорт боюнча эки өлкө ортосунда ортосунда тиешелүү макулдашуулар бар. Кытайдан келген ишкерлер тобу Кыргызстандын мал-жандык көп багылган аймактарын кыдырып жүрөт.
Алыскы чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктар мекенине акча жибергенде банк кызматтарынан аз пайдаланышат. Буга негизинен банк тарабынан кызмат көрсөтүүгө алынчу үстөк пайыздын жогорулугу себеп.
Көпчүлүк социалдык тармактарды сүрөт жүктөп, баарлашып, ар кандай видео көрүп көңүл ачуу үчүн колдонушат. Ар бир басылган лайк, көрүлгөн видеолор айрымдардын капчыгына тыйын алып келет.
Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөрткөндөн кийин өлкөдө бизнес үчүн жакшы шарттар түзүлүп, инвесторлор агылып келерин билдирди.
Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздугу, сапаты тууралуу кайчы пикирлер арбын. Сейсмикалык адистер эгер катуураак жер титирөө болсо, жаңы тургузулган имараттардын көпчүлүгү урап калышы ыктымалдыгын айтышууда.
Борбор Азияда жакырчылыкты кыскартуу долбооруна ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралаш аймактарында 500 карыга 15 даана тоок жети айга жетчү жеми менен берилди. Мындан тышкары каалоочулар күнөскана иштетүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Дагы жүктөңүз