Жыргалаң туризм өрөөнүнө айланат
Ысык-Көлдүн алыскы Жыргалаң өрөөнүнүн жашоочулары аймакты кышкы туризм аркылуу жандантууга бел байлашты. Акыркы жылдары бул жер унутулган аймак деп сыпатталып калган эле. Узаган апта соңунда жашоочулар жылгаяк фестивалын уюштуруп, кыргызстандыктарга гана эмес, чет элдик туристтерге да майрам тартуулашты. Табияты кооз болгон менен, татаал шартта жашаган эл үчүн кар майрам уюштуруу албетте оңойго турган жок. Алар демөөрчүлөрдүн жана эл аралык уюмдардын жардамына таянышты. Жакынкы жылдарда элеттиктер Жыргалаңды туризм өрөөнүнө айлантууга бел байлашууда.
Чыгарылыштар
-
Май 21, 2024Комсомол чокусу: Альпинизмдин алиппесин тааныгандар
-
Март 12, 2024Алайкунун эли каарман, шарты катаал, жолу татаал
-
Ноябрь 13, 2023Ак илбирсти коргогон ыктыярчылар
-
Октябрь 12, 2023Туристтерге тоолорду көрсөткөн Ася менен Жаныбек
-
Сентябрь 25, 2023Тоо койнунда турист тоскон айылдар
-
Февраль 14, 2023Германияга барган студенттер укугу бузулганын айтты