Кыргызстанда 2018-2022-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү программасы өкмөткө сунушталып жатат.
"Росинбанктын" күрөөдөгү 71,66 пайыз акциясы Улуттук банктын карамагына өттү.
Тармактык мекеме “Вега” концернинин иш тажрыйбасы жок" деп жыйынтык чыгарды.
Таласта төө буурчакка тете киреше берген кайналынын баасы быйыл арзандап кетти. Маселен, жыл сайын килограммы 20-25 сомдон сатыла турган бул жемишти быйыл 10-15 сомдон гана сатып жатышат.
2025-жылы дүйнөдөгү иштердин көбүн роботтор жана алгоритмдер аткарып калат. Дүйнөлүк экономикалык форумдун соңку иликтөөсү мына ушундай жыйынтык берди.
Баткендин атын чыгарган өрүк менен кошо “Ак-Турпак” күрүчү жыйналып, кырман көтөрүлүп жаткан мезгил. Жалпы Баткен облусунда 10 миң тоннадай күрүч өндүрүлсө, көпчүлүгү жакынкы чет өлкөлөргө экспорттолот. Ал эми күрүчтүн “Дөөзире” деген сортун кардарлар алдын ала атайын буюртма берип, базарга чыгарбай
“Азаттыктын” талкуусуна мурдагы экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев, Жаш ишкерлер ассоциациясынын бшкармалык төрагасы Темирбек Ажыкулов жана "Легпром" жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов катышты.
Кыргызстанда бизнеске мамлекеттик органдар бут тосушат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда бизнеске мамлекеттик органдар бут тосуп, тоскоол болуп жатканы айтылды.
Баткенде беш жүздөй ардагер эл аралык уюмдун колдоосу менен өздөрүнө жумуш ордун түзүп, кала берсе жакыр үй-бүлөлөргө да кол кабыш кыла баштады.
Нарын шаары менен Кочкор районунда "Демилгелүү жаштар" долбоорунун алкагында 14 жаштан 28 жашка чейинки 60тан ашуун жумушсуз жаштар кыска мөөнөттөгү кесиптик билим алышты.
АКШ менен Кытайдын соода тиреши күчөдү. Ушул бейшембиден тартып эки тарап тең бири-биринин дагы 16 миллиард доллардык товарларына кошумча бажы салыгын киргизишти. Жалпысынан дүйнөнүн эң ири эки экономикасы быйыл июль айынын башынан тартып кошумча тариф койгон өндүрүмдүн акчалай наркы 100 миллиард долларга жетип калды. "Соода согушу эми глобалдык экономикалык өсүшкө терс таасир этеби?" деп кооптонгондор да бар.
Дагы жүктөңүз