Ачарчылыкка кабылган Газага деңиз коридору менен 200 тонна жардам алып бараткан кеме сапарын улантууда. Израил парламенти бюджетке согушту каржылоого кошумча каражат киргизүүнү жактырды.
Украинадагы соңку кырдаалдан баштасак. 29-декабрга караган түнү Орусиянын Украинадагы жапырт аба соккуларынан кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылды. Жараат алгандардын саны жүзгө чукулдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлеринин контрчабуулуна кабылганын жарыялады. Киев бул маалыматты төгүндөп, "сүрүп чыгаруу жүрүштөрүн алдын ала айтпай жасай турганын" билдирди. Кыргызстанда “бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен бир топ киши кармалды. .
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы акыркы кагылыштан бери алты айдан ашык убакыт өттү. Өлкөлөр ортосундагы чек аралар жабык. Экономикалык байланыштар үзүлгөн. Республикалардын ортосундагы соода алакасы азайган.
Апрел ыңкылабына 13 жыл толду. Бул күнү элдик толкундоонун натыйжасында Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылган. Бакиевдин башкаруу жылдарында көрүнүктүү депутаттан баштап, ишкер, спортчу, кримтөбөлдөр буюртма адам өлтүрүүнүн курмандыгы болушкан.
Базар-Коргондо айрым дыйкандар пахтанын наркы төмөн болгондуктан үйлөрүндө сатпай отурат. Быйыл анын баасы 50-70 сом болуп, дыйкандар баа өскүчө саткылары келбей турат. Анын үстүнө азыр кардар деле жок.
UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 12-декабрь күнү Ош шаарына келип, күйөрмандары менен жолугушуу өткөрдү. Шевченко Ошто эки күн болуп, спорт залдын ачылышына катышып, балдар үйүнө да барды. Андан сырткары күйөрмандары менен чогуу машыгууларды өткөрдү.
Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында IT мектеп ачылып, анда жогорку класстын окуучулары ITнин негизин акысыз үйрөнүүдө. Мектепти ушул айылда чоңоюп, кийин IT адистигин өздөштүргөн бир нече тургун уюштурган.
Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы талкууга түштү.
Kонгресстин Өкүлдөр палатасындагы демократтар президент Дональд Трампка импичмент жарыялоону баштоо жараянынын алкагында ага эки айып такты.
Мамлекеттик айыптоочу Санкт-Петербург метросундагы жардыруу үчүн айыпталып жаткан кыргызстандык ага-ини Азимовдорду өмүр бою кесүүнү сурады.
Ирандагы тополоңдо кеминде алты киши өлгөнүн, бир миңдей киши кармалганын өлкө бийлиги билдирди. Гонконгдо студенттер окуу жайдын кампусун курчоого алган полиция кызматкерлерине каршылык көргөзүштү. Орусия Украинага бир жыл мурда кармап кеткен эки аскердик катер менен буксирди кайтарды.
Дагы жүктөңүз