Бала кезинде катуу оорудан улам укпай жана сүйлөбөй калган көлдүк Марат элди таң калтырган сүрөттөрдү тартат.
Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов 1961-жылы Аксы районунун Сары-Кашка айылында туулган. Ал сүрөттөрүн кыргыз элинин нарк-насил, санжырасын, тарыхын терең философиялык көз караш менен тарткан.
Кыргызстандын парламентинин мурдагы төрагасы, акын, илимпоз жана ишкер Ч.А.Турсунбековдун (1960––2020) жаркын элесине.
5-июлда дүйнөдөн кайткан журналист Бүбүкан Досалиева тууралуу кесиптеши Т.Чоротегиндин эскерүүсү.
Акын Молдо Багыштын кайгылуу тагдыры туурасында «Азаттыкта» буга чейин эле «Куугунтук курмандыктары» берүүсүндө кеп кылганбыз.
25 жыл мурда миграцияда жүрүп, топтогон тыйынына иш баштаган баткендик Акбарали Жороевдин азыр чарбасы кеңейген. Жаңы ыкмаларды улам издеген ишкер сүт багытындагы уйларды багып, кирешени арбытуу үчүн биогаз да өндүрө баштаптыр.
Жакындан бери жаңсоо тили менен коштолгон кыргызча ырлардын видеосу Интернетте жарыялана баштады. Максаты угуусу начар адамдар үчүн ырлардын ритмин, маанайын билдирүү болгон бул саамалык “Беш бармак” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.
Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин окуучусу Уран Айбек уулу жөжө чыгарган инкубатор жасап чыкты. Учурда анын кол эмгегине кызыккан айылдаштары көбөйүүдө. Уран инкубатордон чыккан жөжөлөрүн 50-60 сомдон сатып жатат.
Ысык-Көлдүк уста Баттал Байзаков тоо текенин мүйүзүнөн жаа жасап, аны дүйнөнүн төрт бурчуна сатыкка чыгарып жүрөт. Жаанын баасы миң доллардан 5 миң долларга чейин барат. Эми ал бул эмгегин араб өлкөлөрүнө чыгарам деп турат.
Соңку учурда өнөр адамдары өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларга өз ой-пикирин ачык айтып чыккан учурлар арбыды. Айрыкча төкмө акындар жана жаштар арасында популярдуу рэп жанрындагы аткаруучулар бийликке, коомчулукка кайрылып, мамлекеттеги терс көрүнүштөрдү ыр аркылуу билдирип жатышат.
Элмирбек Иманалиев төрт жашында эле тамга таанып, мектепте окуп жүргөндө ыр жазып, комуз чертип, төкмөлүк өнөргө кызыккан. 6-класста окуп жүргөн кезинде Нооруз майрамында колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан.
Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев 85 жашында дүйнө салды. Шайыр мүнөз залкар скульптура менен да алектенип турчу.
Дагы жүктөңүз