Ысык-Көлдүк уста Баттал Байзаков тоо текенин мүйүзүнөн жаа жасап, аны дүйнөнүн төрт бурчуна сатыкка чыгарып жүрөт. Жаанын баасы миң доллардан 5 миң долларга чейин барат. Эми ал бул эмгегин араб өлкөлөрүнө чыгарам деп турат.
Соңку учурда өнөр адамдары өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларга өз ой-пикирин ачык айтып чыккан учурлар арбыды. Айрыкча төкмө акындар жана жаштар арасында популярдуу рэп жанрындагы аткаруучулар бийликке, коомчулукка кайрылып, мамлекеттеги терс көрүнүштөрдү ыр аркылуу билдирип жатышат.
Элмирбек Иманалиев төрт жашында эле тамга таанып, мектепте окуп жүргөндө ыр жазып, комуз чертип, төкмөлүк өнөргө кызыккан. 6-класста окуп жүргөн кезинде Нооруз майрамында колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан.
Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев 85 жашында дүйнө салды. Шайыр мүнөз залкар скульптура менен да алектенип турчу.
Асанбек Жакыпбаевдин колунан чыккан эмгектер дүйнөнүн кыйырына чейин тараган. Ал кадимки кайберендин мүйүзүнүн жонуп отуруп, ушундай жаныбарлардын сөлөкөтүн чыгарат. Устанын эмгектери көлөмүнө жана жасалгасына жараша 1000 сомдон 5000 сомго чейин бааланат.
Тойдо ырчы жана музыкант катары кызмат кылган Адилет Жумабаев карантинде ишсиз калган. Ошондон улам Бишкектин “Жашылдандыруу” чарбасында иштеп жатат. Адилет карантинде көпчүлүк өнөр адамдар ишин алмаштырууга аргасыз болгонун айтат.
Саламаттын кажыбас кайратын, балалык кыялын орундатууга болгон далалатын колдогон мекендештери анын бутуна протез алганга каражат топтой башташты.
Пандемия миллиондогон адамдарды үйгө камап, театрлар, музейлер, кинотеатрлар, концерттик залдар жабылды. Бирок ошол эле маалда карантин маданий жайларды жаңы багытта иш алып барууга жол көрсөттү.
Карантин түрдүү кесиптеги адамдардын колу-бутун бууп, жумуш кылдырбай, бекерчиликтен тажатканы бүгүн көпчүлүк кыргызстандыктарга тааныш.
Айпери Кудайбергенова Бишкектеги президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын медайымы. Былтыр кышта Эл артисти Элмирбек Иманалиев да ушул жерде дарыланып жатканда Айпериге "өнөрүңдү өркүндөтүп, өз кесибиңди таштабай аркала" деп акыл айткан.
Белгилүү акын, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Азаттык» радиосунун журналисти Зайырбек Ажыматовду санаалаштары, кесиптештери, маданият өкүлдөрү жоктоп, эскерип жатышат.
Кыргызга аттын кашкасындай таанымал акын, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты. Акындын артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.
Дагы жүктөңүз