Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Тойчубек Абакиров менен Тынчтык Сапарбек уулунун "Ак-Талаа" деген живопистик чыгармаларынын сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Кыргызстанда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги менен жаш киночуларынын VIII "Үмүт" форуму башталды.
Акын Алыкул Осмоновдун 105 жылдыгына жана акын, коомдук, мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбековдун 60 жылдыгына карата эскерүү кечеси Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү.
Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Куттуу боз үй» аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын демилгеси менен Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун эстелиги коюлду.
“Кыргызстандын Брюс Лиси” аталган 10 жаштагы Нурмухаммад Ташмаматов эл аралык “Интеррекорд” агенттигине катталды. Ал теннистин шаригин колундагы "нунчак" менен бир мүнөттө 42 жолу кайтарып рекорд жараткан. Нурмухаммад алдыда "Гиннестин дүйнөлүк рекорддор” китебине кирүүгө аракет көрүп жатат.
Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда Эдилбек уулу Уландын кларнет аспабындагы концертти өттү.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде ”Жаңыртуу" жана "Чексиз мүмкүнчүлүктөр мектеби" фонду уюштурган өзгөчө балдардын кол эмгегине таандык “Жердеги жылдыздар” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.
Жүрөгүндөгү сүйүү, кусалык, өкүнүч, сагыныч сезимдерин ыр менен туюнтуп, өзү көргөн ажайып жараталышты окурмандарынын да көрүшүн каалап «Фейсбук» баракчасына жарыялаган миграциядагы акын менен маек.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков эл акыны, "Азаттыктын" кабарчысы Шайлообек Дүйшеевге өз тагдыры жана заманбап манасчылык өнөрү тууралуу дилмаек курду.
"Башкыр графикасынын чеберлери" көргөзмөсүнүн экспозицияларын Орусия жана Башкырстан республикаларынын алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн басылма графика (офорт, линогравюра, автолитография, кагазга басуу) жана оргиналдуу (акварель, гуашь) чыгармалары түзөт.
Бүгүн,17-ноябрда Кыргызстандын кино кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип жатат. Майрам күнү сүрөтчүлөр Муса Абдиев, Элдияр Мадакимдин кол издери түшүрүлгөн плиталар Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын алдына орнотулду.
Дагы жүктөңүз