Жүрөгүндөгү сүйүү, кусалык, өкүнүч, сагыныч сезимдерин ыр менен туюнтуп, өзү көргөн ажайып жараталышты окурмандарынын да көрүшүн каалап «Фейсбук» баракчасына жарыялаган миграциядагы акын менен маек.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков эл акыны, "Азаттыктын" кабарчысы Шайлообек Дүйшеевге өз тагдыры жана заманбап манасчылык өнөрү тууралуу дилмаек курду.
"Башкыр графикасынын чеберлери" көргөзмөсүнүн экспозицияларын Орусия жана Башкырстан республикаларынын алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн басылма графика (офорт, линогравюра, автолитография, кагазга басуу) жана оргиналдуу (акварель, гуашь) чыгармалары түзөт.
Бүгүн,17-ноябрда Кыргызстандын кино кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип жатат. Майрам күнү сүрөтчүлөр Муса Абдиев, Элдияр Мадакимдин кол издери түшүрүлгөн плиталар Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын алдына орнотулду.
Ала-Тоонун авто ышкыбоздору дүйнөнүн эң ылдам жүргөн "феррари", "ламборжини" сыяктуу машинелердин көрсөткүчүн жаңылаган автоунааны курап чыкты. Аталган машинеге машыгуу учурунда күнүнө 40 миң сомдун тегерегинде акча жумшалат.
Дүйнөлүк рекорддор күнүнө карата 12-ноябрда Манасчы Дөөлөт Сыдыков узак мөөнөт “Манас” айтуу менен Гиннестин рекорддор китебине катталууга аракет кылууда.
Казак акыны жана агартуучусу Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгын жайылтууда жигердүү эмгектенгендиги үчүн «Абай» медалы Түгөлбай Казаковго, Атантай Акбаровго, Айдарбек Сарманбетовго, Керимбек Кадыракуновго, Абдылдажан Акматалиевге ыйгарылды.
Владикавказдагы эл аралык театралдык «Чексиз асман» фестивалынын баш байгесинин ээси, театр режиссёру Алмаз Сарлыкбеков быйыл көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак.
Жедигер Саалайдын «Манас Дух» аттуу китеби жарык көрдү.
Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында Р.Киммерердин китебинин негизинде “Жер эне” музыкалык спектакли коюлду.
Күз мезгили акындардын көзү менен... "Азаттык" акындардын берекелүү күз мезгили тууралуу ырларын топтоду.
Көргөзмөгө 172 эмгек коюлду. Анын 60ы живопись, 32си графика, 67си жасалга-колдонмо искусствосу, тогузу скульптура, төртөө плакат боюнча.
Дагы жүктөңүз