YouTube каналында 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар D Billions чыгармачыл тобу Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата биринчи жолу Бишкекте жеке концертин өткөрдү. “Ала-Тоо” аянтына 30 миңден ашык көрүүчү келди. Чыгармачыл топ кийинки жылы дүйнөлүк турнеге чыгууну пландап жатышат.
90-жылдардын башында Эл артисти Замирбек Үсөнбаев Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда акындык жана дастанчылык боюнча сабак берген. Азыр дастанчылык өнөрдү шакирттери Өмүрзак Кайыпов, Самат Көчөрбаев улантып, жаш муунду тарбиялоодо. Алардын ичинде чет жактан келген студенттер да бар.
Президенттик “Манас” камералык оркестринин дирижерлук жана көркөм жетекчилик кызматынан алынган Эрнис Асаналиев жаңы түзүлгөн “Ойно” оркестри менен Бишкекте концерт берди. Анын курамында өзү менен “Манас” оркестринде чогуу иштеген кесиптештери да бар.
Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында үч муундун акындарынын башын бириктирген “Ыр өмүр” поэзия кечеси өттү. Кечеге аттын кашкасындай таанымал акындар менен катар миграцияда жүргөн жана элетте жашаган калемгерлер да катышты.
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын көзөмөлдөө кызматында жети айым эмгектенет. Алар концерт-салтанаттарда элди тейлеп, кечигип келгендерди өз орундуктарына жайгаштырышат. “Азаттык” 15 жылдан бери эмгектенип жаткан Ракат Калыйбаеванын машакаттуу жумушу менен тааныштырат.
Бишкекте "Жай-2023" мода көргөзмөсү өттү. Иш-чара Дордой-Плаза борборунун чатырында өттү. Мында жергиликтүү жаш дизайнерлер өз коллекцияларын коюшту.
12 -майда Бишкекте оркестрлер арасында II республикалык сынак жыйынтыкталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 600гө жакын өнөрпоздор катышып, таланттарын тартуулашты.
Жаз-жай айларында шаардан көчө музыканттарын кезиктирүү кадыресе көрүнүш. Бул маданият Бишкекте кандай өнүгүп жатканын “Азаттык плюстан” көрүңүз!
"Азаттык" бул жолу Жалал-Абаддын облус борборунан 350 чакырым алыс жайгашкан Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына барды. Өмүрүнүн 40 жылын тигүүчүлүккө арнап, айылдын кыз-келиндерине да жумуш таап берген 75 жаштагы Байскан Көчөрбаева боюнча айтып беребиз.
Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну Айтурган Кочкорова "Резин Арт" технологиясын үйрөнүп, түркүн буюмдарды жасап сатат. Анын кол эмгегинен чыккан буюмдарга кызыгып, Москвадан бери буюртма бергендер бар. Чайырдан же эл арасында айтылгандай смоладан буюм жасоого кызыккандарга сабак өтө баштады.
Салтка айланып калган кезектеги эл аралык жаз фестивалы Бишкекте өттү. Он сегизинчи ирет өтүп жаткан саамалыкка бул ирет Кыргызстан, Австрия, Италия, Израил өлкөсүнүн музыканттары катышты.
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларын камтыган “Булбулум, булбулум ай” деген китеп жарык көрдү. Тарых музейинде өткөн иш-чарада акындын обондуу ырлары жаңырып, чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулду. 20-апрелде өнөр ээсинин көзү өткөнүнө үч жыл толду.
Дагы жүктөңүз