Алтымышынчы жылдары кыргыздын жасалга колдонмо өнөрүн заманбап жашоого айкалыштыргандыгы менен таанылган прикладчы, ,“Кыял”көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесин негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипова 1995-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
11 жаштагы пианист Рамил – Австрияда жашаган кыргыз үй-бүлөнүн уулу. Ал Венанын көчөлөрүндө пианинодо ойноп, көптөгөн музыка сүйүүчүлөрүнүн купулуна толгон. Учурда таланттуу жеткинчек аталган өлкөдөгү музыкалык мектепте кошумча билим ала баштады.
Абдыкадыр Орозбеков – сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири. Бирок 1938-жылы жазаланган Орозбеков кандай шартта өлтүрүлүп, сөөгү кайсы жерге жашырылганы али күнчө тарыхый документтер менен тактала элек.
1-ноябрда Бишкектеги улуттук филармонияда таанымал акын, журналист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси өттү. Кечеде акындын жалындуу саптары, обондуу ырлары жаңырды. Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык чыгармачыл жаш муун өкүлдөрүнө тапшырылды.
Кыргыз Эл акыны, драматург, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жалил Садыков - “Манастын уулу Семетей” драмасы, “Калча”, “Саякбай” поэмасы баштаган ондогон классикалык чыгармалардын, Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин автору.
Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында таанымал опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
Каракыз соңку үч жылда тогуз жолу ат чабышка түшүп, сегиз жолу алдына күлүк чыгарган жок. Азыркы маалда кыргыз-казакта Каракызды ашып өтчү тулпар чыга элек. Кочкордогу ат чабышта 40 күлүк 30 чакырымга чуркады. Каракыз чемпион макамын берген жок. “Азаттык” төрт туягы туйлаган күлүк тууралуу баяндайт.
Кыргыз эл жазуучу, агартуучу, тарыхчы Кеңеш Жусупов быйыл 86 жашка толду. Учурда калемгер карылыкка моюн сунбастан, китеп түзүү менен алектенүүдө. Жарык көрүү алдында турган “Кыргыздар” аттуу 40 томдук китепти Каныбек Иманалиев менен бирге түзгөн.
Коомдо кызуу талкуу жараткан "Күн кармаган бала" спектаклинин режиссеру Уланмырза Карыпбаев "Азаттыктын" "Элдин балдары" подкастына маек курду.
Кыргызстандын шоу-бизнесинде алгач эл аралык сынактарга, шоу долбоорлорго катышкандан кийин элге таанылган маданият өкүлдөрү арбын. Адатта ушундай долбоорлорго барып келгендердин көбү коомдо талкуу жаратып, элдин мактоосуна арзыйт.
Журналист Шайырбек Абдырахманов он айдан бери интернеттеги баракчасы аркылуу "Манас" эпосун кара сөз түрүндө баяндап жатат. 104 сериялуу баянды көрөрмандар каалаган учурда көрүп, уга алышат. Абдрахманов эми "Семетей ", "Сейтек" эпосторун айтып берүүгө камынууда.
Tolon museum музейинде “Арт окуя” деп аталган көргөзмө ачылды. Төрт бөлүктөн турган көргөзмөгө ондогон сүрөтчүнүн жүздөгөн эмгеги коюлду. Сүрөтчүлөр пост-тоталитардык маанайдагы эмгектеринде коомдогу талуу жана актуалдуу маселелерди да чагылдырган.
Дагы жүктөңүз