Тасмаларда көп учурда терс каармандын ролун ойногон актёр, сүрөтчү Садыр Сагынбаев бир канча жылдан бери устачылык менен да алектенип келет.
Улуттук макамга ээ болгон “Манас” театрына мамлекет тарабынан имарат берилди. Бул имарат Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык болгон. Осмоналиев 2020-жылдын аягында мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган кезде жогорудагы үйү мамлекеттин балансына өткөн. “Манас” театрын
Дүйнө жүзү боюнча кеңири тараган үстөл үстүндө ойнолчу оюндарды Адилет Аскаров кыргыз маданиятына ылайыкташтырып чыккан. Анын максаты оюндар аркылуу балдарды билим алууга кызыктырып, патриоттуулук сезимин күчөткүсү келет.
Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде "Жазгы букет" аттуу көргөзмө өтүп жатат. Ал 23-мартка чейин уланат. Мында живопись, графика, декоративдик-колдонмо искусствосу менен алектенген Оштогу сүрөтчү айымдардын эмгектери коюлган.
Кийинки учурларда ата-мекендик сүрөтчүлөрдүн эмгектери чет өлкөлүктөргө көбүрөөк тартууланып жатканы байкалууда. Анткени менен Кыргызстанда эмгектери анчейин бааланбай жатканын айткан да сүрөтчүлөр жок эмес.
Англиялык Самуэл Жорж кыргыз маданиятына кызыгып, мындан эки жыл мурун Кыргызстанга келген.
“Азаттыктын” сыябан – маегинин” кезектеги коноктору - айтылуу чыгармачыл үй-бүлө, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анатай Өмүрканов менен Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Бурул Калчабаева.
Бишкекте америкалык сүрөтчү Рафаэль Варгас-Суарестин көргөзмөсү ачылды. Варгас-Суарестин чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү адаттан тыш, абстрактуу көркөм сүрөттөрдү жараткандыгында.
Залкар Эсенканов – коомчулуктагы орчундуу окуяларга кыл калем аркылуу позициясын билдирип келе жаткан сүрөтчүлөрдүн бири.
“Сыябан-маектин” кезектеги коногу - Кыргыз эл акыны, “Байчечекей” балдар журналынын редактору Токтосун Самудинов.
«Азаттыктын» «сыябан-маегинин» коногу - СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова. Даңазалуу комузчу өзүнүн комузу, маданият министри Күлүйпа Кондучалованын, күйөөсү Чалагыз Исабаевдин устаттык салымы, СССР мезгилиндеги чет өлкөл
Дагы жүктөңүз