Мурда угуп жүргөн эле чыгарманы жаңылап ырдап чыгып, эл оозуна алынып, күйөрман топтой алгандарды тааныйсызбы? “Азаттык+” кавер аткарып таанылган жаштарды көрсөтөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Баткенде ички чарбалык жолдорду таш менен курган пилоттук долбоорун баштады. Адистер бул ыкма менен жол салуу асфальт төшөгөнгө карганда арзан түшүп, сапаттуу келерин, оңдоп-түзөө иштери жеңил өтөрүн белгилешүүдө.
Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун көзү тирүү болгондо быйыл 6-ноябрда 87 жашка чыкмак. Акын окурмандарына “Сен жөнүндө поэма”, “Чарчоонун жүзүнчү ыры”, “Адамдын турмушу” баштаган классикалык чыгармаларын мураска калтырган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Баткен облустук музыкалык драма театрынын кызматкери, обончу Мамажан Козубаев алгачкы жолу борбор калаада концерт бергени турат. Ал “Азаттыкка” аймактагы искусствонун абалы жана жеке чыгармачылыгы тууралуу маек курду.
31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын финалдык бөлүгү жыйынтыкталды.
Түрк драматургу Тунжер Жүженоглу бул көрүнүштү баяндаган "Аялдар баш калкалоочу жай" спектаклин Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты сахналаштырды.
Кыл кыяк - элдик аспаптардын бири. Ал муң-зарлуу кайрыктарды өзүнө камтып, өткөн доордун музасын чакырып турат. Белгилүү кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев - кыл кыякты кийинки муунга кеңири жайылтууга аракет кылып жаткан өнөр адамы.
"Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Билим айтыш” долбоорун баштады. Анда төкмө акындарды медиасабаттуулук жана алардын чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтуу боюнча окутууда.
Эгемендиктен кийин кыргыз киносуна келген аял кинорежиссерлордун бири Дамира Тилепбергенова документалист, жазуучу, акын катары да белгилүү.
Дагы жүктөңүз