Чоң-Алайда Жибек Туратбекова башында турган ишкер аялдар колго килем согуп, Европага чейин экспорт кыла башташты. Алар кой, эчки, төөнүн жүнүн ийрип, килем токушат. Мындан сырткары кийим-кечек жана ар кандай буюм-тайымдарды жасашат.
Борбордо “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата республикалык айтыш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Чыгаан жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматов тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Жубайы, Онкология улуттук борборунун директору Бактыгүл Султангазиева сыябан-маек курду.
Караколдук уста комуздун бүктөмө, гитар-комуз деген сыяктуу 12 түрүн чабат. Чүйдүн айылдарында дыйкандарга суу жетпей эгин-тегин күйүп баратат. Көк-Жаңгакта кароосуз калган президенттик дача. Археологдор Кочкордо биздин заманга чейинки болжол менен 2500 жыл мурунку жайдын калдыгын табышты.
Элеттиктерди колдоо, аларга кол өнөрчүлүк менен чет тилдерин, үй-бүлө баалуулуктарын үйрөтүү максатында Сузак районунун тургуну тогуз багытты камтыган ийрим борборун ачты. Ал жерде келин-кайнене ортосундагы мамилени окуткан энелер мектеби да бар. Айыл өкмөтү бош турган имаратты пайдаланууга берген.
Белгилүү кинорежиссёр Руслан Акун кино тармагы өнүгүү үчүн чыгармачылык эркиндик болушу керек жана тартылган тасмалар жаштарды тарбиялоодо идеологиянын мыкты куралы деп эсептейт.
Ысык-Көлдүк 58 жаштагы Камчыбек Абдыкеримов кыргыз комузунун жаңы дизайнын иштеп чыкты. Кол өнөрчү, уста комуздун 12 жаңы түрүн жасоого 1,5 жылдык убактысы кеткенин айтат. Ал жаңы комуздарын Караколдо презентациялап, комузчулардын сынына койду. Комуздун жаңы дизайнын иштеп чыгуу идеясы кол өнөрчүнү
Нарын музыкалык драма театрынын актрисасы, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Бермет Өмүрова 80 жашта. Актриса өзүнүн өнөрү, өмүрү жана тагдыры тууралуу "Азаттыкка" сыябан-маек курду.
Алтайлык ырчы жана композитор Ирина Кензина менен кыргызстандык ырчы Нурзат Айдаркулова “Алтай-Ала-Тоо” деп аталган дуэт түзүп, эки элдин маданиятын жакындатууга аракет кылып келишет. Өнөрпоздор “Азаттыкка” сыябан-маек курушту.
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Данакан Адашканованын көргөзмөсү өтүүдө. Экспозицияда жалпысынан сүрөтчүнүн 83 эмгеги коюлду. Алар көркөм сүрөт музейинин фондунан, жеке коллекциялардан жана үй-бүлөсүнүн жеке фондунан чогултулган. Сүрөтчү бир жыл мурда 69 жашында жүрөк оо
25-майда Улуттук филармониянын кичи залында пианист, Гнессин атындагы Орусиянын музыкалык академиясынын бүтүрүүчүсү Талгат Аракеев элге жеке концертин тартуулады. Фортепиано музыкасынын сүйүүчүлөрү үчүн бул жагымдуу жаңылык болду. Анткени Аракеев күйөрмандарына француз элинин мыкты делген композитор
Кыргызстандын эгемендигине жана демократиялык өнүгүүсүнө салым кошкон коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин жаркын элесине арналган илимий-тажрыйбалык жыйын өтүп, анын "Атуулдук ар-намыс ойгонгондо" аттуу китебинин бет ачары болду.
Дагы жүктөңүз