Экинчи топтогу майып Улукбек Букарадинов Нарынга "Чексиз" аттуу социалдык ишкана ачып, майыптыгы бар беш балага жумуш ордун түзүп берди. Ал эл аралык уюмдарга долбоор жазып, сувенир чыгарган жабдууларды сатып алган, ошондой эле машыгуу залын ачты.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Гүлмайрам Карабаева короосуна эки кабатту күнөскана куруп, анда 500 жүздөн ашуун сейрек гүлдүн түрлөрүн өстүрөт. Арасында 20 миң сомдук гүлдөрү да бар.
Жаңы технологиялык шоу Кыргызстанда октябрдан 2021-жылдын аягына чейин өтүүчү МИКСТУРА арт-фестивалынын бир бөлүгү болуп эсептелет. «Мендеги шаар» бул - көрүүчүлөргө аудио форматта тартууланган спектакль.
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган салтанатка президент
Кыргыз киносунун 80 жылдыгынын урматына Бишкекте сүрөтчүлөрдүн жана айкелчилердин эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулууда. Бул көргөзмөгө кыргызстандык 60 сүрөтчүнүн түрдүү ыкмада тартылган 100дөн ашуун эмгектери коюлган. “Бейне” аттуу көргөзмө 27-октябрга чейин уланат.
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда 84 жашында көз жумду. Акын менен коштошуу зыйнатына белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер, калемдештери жана жакындары катышты. Анын сөөгү “Ала- Арча” көрүстөнүнө жерге берилди.
Деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр бийиктикте турган алыскы Эңилчек айылындагы аялдардын колунан жаралган кийиз буюмдар Европанын бир канча өлкөлөрүнө жана Америкада сатыкка чыгарылат.
Казакстандын маданият күндөрү “Абай” операсы менен жыйынтыкталды. 7-октябрда башталган иш-чаралардын алкагында Бишкекке Казакстандан дээрлик 300дөн ашуун мадният өкүлдөрү келди.
Казакстандагы жалгыз манасчы, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген кайраткери Баянгали Алимжанов Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында Кыргызстанга келди. Ушул тапта Бишкек шаарында Алимжановдун казак тилине которгон «Манас, Семетей, Сейтек» эпосу китебинин бет ачары өтүүдө.
Алай районунун Гүлчө айылында “Тоо театрларынын биринчи фестивалы” өттү. Маданий иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына арналган. Ага Кыргызстандын жети дубанынын жана Өзбекстандын Наманган облустук театрынын чыгармачыл топтору катышты.
Бишкекте Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестиваль өттү. Ага Өзбекстан, Орусия, Азербайжан баштаган ондон ашык өлкөдөн илимпоздор жана өнөр адамдары катышты. Уюштуруучулар фестивалдын башкы максаты Кыргызстанды эпостордун өлкөсү катары таанытуу жана эл аралык маданий мамилени бекемдөө экени
28-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Топкапы маданият борборунда Кыргыз эл акыны Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Кечеге кыргыздын таланттуу уулунун жубайы акын, жазуучу Менди Мамазаирова, кыргызстандык адабиятчылар жана түркиялык коомдук ишмерлер катышты.
Дагы жүктөңүз