Астананын ирегесиндеги Коенду айылынын тургундары үй-жайы ташкындан бүлүнгөнүн далилдей албай жүрөт. Айрымдарынын үйү турууга жараксыз. Бир нече турак жайдын дубалына жарака кеткен. Эл өз үйүн өзү оңдоого аргасыз болууда.
Кырсык
21-апрелде жааган жаандан кийин Жалал-Абаддын Аксы, Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука, Токтогул райондорунда жана Жалал-Абад шаарында 50дөй үйдүн короосун сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүргөн аймактар тазаланып жатканын, азырынча чыгымдар тактала электигин билдирди.