Ушул күндөрү Кыргызстанда өтүп жаткан Ысык-Көл форумуна катышуу үчүн келген казакстандык маданият таануучу, жазуучу Мухтар Ауэзовдун уулу Мурат Ауэзов “Азаттыкка” маек куруп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча ой-пикири менен бөлүштү.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын "пенсияны чогултуп, саякатка жумшаса болот" деген пикири кызуу талкууга түштү. Буга чейин Акылбек Жапаров да каржы министри болуп турганда анын "жүз доллар бир ай жашаганга кеңири жетет" деген сөзүнө сын пикирлер айтылган болчу.
Ош-Москва каттамындагы учактын дөңгөлөгү жарылышы, анын себептери туурасында каттамды жүргүзгөн "Авиа Траффик" компаниясынын башчысы Алик Аскаров "Азаттыкка" маек курду.
Бермет Букашеванын “Бийлик сырлары” автордук берүүсүнүн бул жолку коногу - саясатчы Феликс Кулов.
Жарандык активист Рита Карасартова парламенттеги акыйкатчы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү.
“Искандер-М” - бул Орусиянын кубаттуу жана заманбап куралынын бири.
Бишкек шаардык кеңешине ишкердин ишкер уулу спикер болушу кызык ойго түрттү. Аны шайлагандардын өздөрү да депутаттардын, ишкер-байлардын балдары же туугандары экен. Бул өлкө жетекчилиги атадан балага алмашып жатабы деген суроолорду жаратты.
Өкмөттүн тегерегинде коомчулукта айтылып жаткан сөздөр, саясий кырдаал, экономикадагы жагдай туурасында экс-депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев "Белизгейт" чыры, саясий куугунтук, ЖЭБ, президент менен мамилеси тууралуу айтып берди.
"Манас" авиабазасына май ташуу ишинде мурдагы президенттер Акаев жана Бакиевдер аралашканы ачыкка чыкты.
Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму Кытайдын Шинжаң аймагындагы этностук азчылыктарга, анын ичинде уйгурларга карата саясатын сынга алды. Уюмдун апта башында жарыяланган жаңы баяндамасында Шинжаңда миңдеген уйгурлар “саясий тарбия берүүчү борборлордо” мыйзамсыз кармалып турганы, алар кыйноого алынганы белгиленген.
Ушул тапта интернет айдыңында кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып, гимндин текстин билбей калган депутаттардын жоругу катуу талкууга түштү. Көпчүлүк муну мамлекетти сыйлабастык катары баалап, өлкөнүн башкы символдук ырын билбеген эл өкүлдөрүн мандатынан ажыратууну да талап кылышты.
Дагы жүктөңүз