2019-жылы Кыргызпатент ата мекендик музыкалык чыгармаларды пайдаланганы үчүн кафе-ресторан, мейманкана сыяктуу эс алуучу жайлардан, телерадиолордон 12 миллион сом чогултту. Бул жылдагыдан көп.
Туңгуч кыргыз президентинин уулунун сөөгү 8-февралда Москвада жерге бериле турган болду.
Орусияда 14 миңдей ата бала багууга өргүүгө чыгат.
Кыргызстан былтыр 26 тонна таза алтын өндүрдү. Бул өлкө эгемендик алгандан берки эң чоң көрсөткүч.
Эшектердин азайганы африкалыктарды сарсанаага салды. Иран-АКШ чырынын учкуну Борбор Азияга чачырайт. Падышалык үй-бүлөнүн милдетинен баш тарткан келин-уул.
Борбор Азиядагы ири соода борбору атыккан Кара-Суу базарынын соодагерлеринин талаптарын базар карамагына кирген Сарай айыл өкмөтү жарым-жартылай канааттандырды.
«Улуттук баш кийим жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте колдоо тапса, ак калпакты мазактагандар 1000 сомдон 5000 сомго чейин айып төлөйт. Мындай мыйзам долбоорунун концепциясын Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети жактырды.
4-декабрь - Манас күнүнө карата башталган республикалык манасчылар таймашы соңуна чыкты. Сынак эки бөлүктөн туруп, республика боюнча 60тан ашык манасчы ат салышты.
Жалал-Абад шаарынын тургуну, мурда айдоочу болуп эмгектенген Абдуллажан Насыров мамлекет чегерчү пенсиядан өз ыктыяры менен баш тартканына бир топ жыл болду. Байбичесин да пенсияга чыгарган эмес.
Бишкекке «Сорос-Кыргызстан» фондуну көмөгү жана «Эргене» кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен Орусиядагы хоспистерге жардам берүүчү «Вера» аттуу кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Нюта Федермессер келип, өлүм алдында жаткан адамдарга жардам берүүнүн өзгөчөлүктөрү, стандарттары тууралуу айтып берди.
«Айкын багыт» коомдук фонду аялдар үй-бүлөдө зомбулукка кабылган көрүнүштүн негизги белгилерин тизмектеди.
Кыргызстанда жаңыдан күчүнө кирген кодекстердин айынан ИИМде иштөө татаалдашканы айтылууда.
Дагы жүктөңүз