- Бакыт мырза, Социал-демократтар партиясынын лидери президенттик жарышка түшкөндөн бери анын шайлоого даярдык көрүү, кол топтоо иштерине тоскоолдуктар күч алды деген маалыматтарды берип жатасыздар. Ал тууралуу БШКга жана тартип коргоо органдарына расмий түрдө кайрылып жатасыздарбы? Алардын мамилеси кандай болуп жатат?
- Биз 10-11-майдан бери эле БШКнын башчысы Лисовскийге күндө кайрылып атабыз мыйзам бузуулар жөнүндө кат жазып. Бирок азыркыга чейин тиешелүү жоопторду албай жатабыз. Кечээ эле Дамир Лисовский менен жолугуп, анын алдында бир топ талаптарды койдум. Эмне үчүн жер-жерлерде жергиликтүү бийлик, күч органдарынын кызматкерлери биздин партиялаштарга кысым жасап, кол топтоого жолтоо болуп атат деп конкреттүү фактылар менен кайрылсам, дагы эле жооп алалбадым. Түшүнүктүү, таза шайлоо өткөргүсү келбейт, ага дарамети жок экен.
-Социал-демократиялык партиянын Жогорку Кеңештеги мүчөлөрү эмнегедир биринин артынан бири мандатын өткөрүп кетип жатат. Буга эмне себеп же партиялык биримдик калыптанган эмеспи? Себеби кечээ партиядан 114 адам чыгып, “Ак жолго” кирди деген да маалымат пайда болду . Ал чынбы?
- Жок, ал жалган. Анткени Кара-Суу районундагы СДПК партиянын онго жакын мүчөлөрү партиядан чыкты деген маалымат келгенде, тактасам, онго жакын эле адам экен. Аларды түшүнсө болот, аларга кысым өтө күчтүү болуп атат. Кимдир бирөөнүн эгерде машинеси болсо, алардын праваларын алып, кыйынчылыктарды жаратып атат. Андан тышкары жер бербейбиз деп айыл өкмөттөрү ыплас саясатты өткөрүп атат. Ошондуктан түшүнсөк болот, ушунун негизинде болду. Парламентте болсо, алар бизнести тандады, саясатта жүрө албайбыз деп. Чындыгында, учкандын баардыгы эле бүркүт болбойт, шым кийгендин баардыгы эле эркек болбойт, аны түшүнүш керек.
-Мына эми талапкерлер расмий каттоого алынгандан кийин чыныгы шайлоо өнөктүгү башталат. Оппозициячыл маанайдагы талапкерлердин үгүт иштерин жүргүзүүсүнө, укуктарын бирдей пайдалануусуна мүмкүнчүлүк болот жана шайлоочулар алардын программасы менен толук кабардар боло алат деген үмүт барбы? Эгер андай шарт болбосо кандай аракеттер көрүлөт?
- Бакиев баштаган бийликтин бир өзгөчөлүгү - ачык түрүндө жалган айтуу. Теледе элдин алдында бирди айтат, ары жакка барганда башканы айтат. Акыркы эле мисалды айтайын, кыргыз тили боюнча экзаменди тапшырып атып, президент Бакиев айтты эле, бүгүн түрк президенти менен жолугушуу болот, бардык иш аракеттер кыргыз тилинде болот деп. Чынында кайсы тилде болду? Көпчүлүгү орус тилде өттү. Ошондой нерсе болуп атпайбы.
Ошондуктан таза шайлоо болот дегенине Кыргызстандын көпчүлүк эли ишенбейт. Анткени бүт күчтү пайдаланып эле өзүнүн саясатын өткөрүп жатат. Ошондуктан биз баары бир өз максатыбызга жетебиз. Кудай кааласа, катуу күрөшүп атабыз. Анан баардык региондордо бизди колдоп жатат.
Өзүңүз карасаңыз, кечээ Баткенден 12 миң кол топтоп ал добуштарды тапшырдык. Баардык региондордо да ошондой болуп жатат. Баткенде Атамбаевге чогулткан колдорду эки күн текшерип, үймө үй кыдырып чыкты. Ошол эле учурда башка талапкерлерди комнатадан чыкпай эле эки сааттын ичинде протоколду толтуруп берип жиберди. Бизге өзгөчө терс мамиле жасалып жатат.
- Маегиңизге рахмат.
- Биз 10-11-майдан бери эле БШКнын башчысы Лисовскийге күндө кайрылып атабыз мыйзам бузуулар жөнүндө кат жазып. Бирок азыркыга чейин тиешелүү жоопторду албай жатабыз. Кечээ эле Дамир Лисовский менен жолугуп, анын алдында бир топ талаптарды койдум. Эмне үчүн жер-жерлерде жергиликтүү бийлик, күч органдарынын кызматкерлери биздин партиялаштарга кысым жасап, кол топтоого жолтоо болуп атат деп конкреттүү фактылар менен кайрылсам, дагы эле жооп алалбадым. Түшүнүктүү, таза шайлоо өткөргүсү келбейт, ага дарамети жок экен.
-Социал-демократиялык партиянын Жогорку Кеңештеги мүчөлөрү эмнегедир биринин артынан бири мандатын өткөрүп кетип жатат. Буга эмне себеп же партиялык биримдик калыптанган эмеспи? Себеби кечээ партиядан 114 адам чыгып, “Ак жолго” кирди деген да маалымат пайда болду . Ал чынбы?
... алар бизнести тандады, саясатта жүрө албайбыз деп. Чындыгында, учкандын баардыгы эле бүркүт болбойт, шым кийгендин баардыгы эле эркек болбойт, аны түшүнүш керек.