Беш айча убакыттан бери оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов камакта. Буга чейин анын жакындарына да кылмыш иши козголгон.
Кыргызстан журналисттер үчүн кооптуу өлкөлөрдүн катарына киргизилди. Бул теманын айланасында көз карандысыз журналист Абдувахап Мониев ой-пикир бөлүшөт.
Социал-демократтардын штабы добуш берүү бүтүндөй республика боюнча жапырт бурмалоо менен жүрүп жатканын билдирүүдө.
Интернет айдыңында Эдил Кожошизи деген такма ат алдында «Кандуу жол» аттуу детектив аңгеме пайда болду. Чыгарма каармандардын аты-жөндөрү бир аз өзгөртүү менен мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун кандайча өлтүрүлгөндүгүн көркөм баяндагандай.
М. Садыркуловдун өлүмү жана алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу суроолорго “Улуу биримдик" партиясынын төрагасы Э.Каптагаев жооп берди.
Таластагы БЭКтин штабынын өкүлү Элүүбай Отунчиев “Азаттыкка” сүйлөгөн сөзүндө шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө жергиликтүү атка минерлер тарабынан көп тоскоолдук болуп жатканын билдирди.
“Улуу биримдик” партиясынын лидери, Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Э.Каптагаев 20-июнда аны белгисиз адамдар катуу сабап кеткени боюнча билдирүү жасап, ага же анын жакындарына карата “кыянаттык иш жасалса аны уюштургандар президент К.Бакиев менен жакындары гана болот”,-деп жарыялады.
Өзгөн шаарында «Бакиев» деген жазуусу бар кийимчен спортсмендер президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин сүрөттөрүн жана плакаттарын жыйнап кетишти. Мындан тышкары СДПны колдогондорду коркутуп-үркүтүү ачык мүнөзгө өттү.
Дайынсыз жоголгон ишкер Бактыяр Амиражановдуку болушу ыктымал адам сөөгү табылгандыгы жөнүндө кабар тарады. Ички иштер министри М. Конгантиев бул сөөк жоголгон ишкердики экени ДНК текшерилгенден кийин гана так аныкталарын билдирди.
Шайлоо алдындагы үгүт иштерине көз салган байкоочулар талапкерлер арасында теңчилик болбой, кызматтагы президент К. Бакиевке административдик ресурс бүт иштеп жатканын белгилешүүдө. Бул жөнүндө “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун лидери Төлөйкан Исмаилова "Азаттыктагы" маегинде кеп салат.
12 күн мурда Ноокат районунда сабалып, оор абалда ооруканада жаткан журналист Алмаз Ташиев жекшембиде кечке жуук дүйнө салды. Жакындары аны милиция кызматкерлери себепсиз сабаганын билдирүүдө.
Президенттикке талапкер, “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасына жана анын тобуна кечээ түн ортосунда Таш-Көмүр шаарында жергиликтүү бийлик тарабынан кысым болуп, алар түн ичинде шаарды таштап чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу талапкердин ишенимдүү өкүлү Уланбек Карыпов “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.
Дагы жүктөңүз