Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Кадыровду камоо аракети ишке ашабы?


10-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровдун маселесин кароо боюнча комиссия түздү.

Президенттик шайлоо өткөн 23-июлда Балыкчы шаарында нааразычылык иш-чаралары өтүп, чогулган элди милиция кууп таркатып, кыйласын камакка алган. Араларында Жогорку Кеңештин депутаттары, социал-демократтардан Кубанычбек Кадыров менен Мирбек Асанакунов да бар болчу. Кол тийбестик укуктарынан пайдаланып депутаттар бошонуп чыгышканы менен учурда камалгандардын он экиси дале соттун чечимин күтүп камакта отурушат.

2-сентябрда парламентке башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев кол койгон документ келип түшкөн. Анда депутат Кубанычбек Кадыровду жоопко тартуу үчүн аны депутаттык кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин чечип берүү өтүнүлгөн.

Бүгүн бул маселе Жогорку Кеңеште каралып, буга чейин профилдик комитеттердин чечими боюнча түзүлгөн жети адамдан турган комиссия бекитилди.

Комиссиянын курамына “Ак жол” фракциясынан Рашид Тагаев, Алишер Сабиров, Ирина Летова жана Асанбек Байтиков, социал-демократтардан Роза Отунбаева, Ирина Карамушкина кирди. Коммунисттер фракциясынан сунушталган депутат Хажимурат Коркмазов комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина кесиптештерин депутат Кубанычбек Кадыровдун тагдырына олуттуу мамиле кылууга чакырып, шайлоо күнү бийлик өзү жер-жерлерде мыйзамдарды бузганын, эми азыр бир депутатты жөн жеринен камакка алганы жатканын айтты:

- Өз кесиптешибизди анын депутаттык бет кап тагынган желмогуз эмес экенин билип туруп салып беребизби? Анда биздин гендердик жактан абдан сезимтал парламентибиз тарыхта кандай орунду ээлейт? Мен сиздерден суранам урматтуу депутаттар, тарых каталарын кайталабайлы. Буга чейин көп адамдардын билмексендик жана коркоктугунун айынан өлкөбүздүн белгилүү саясий ишмерлери жок кылынып келди.

Орто планда К.Кадыров. Балыкчы. 23.07.09


Депутат Ирина Карамушкинанын сөзүн кесиптештери кызуу кабыл алышты. Комунисттер фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев комиссия курамына депутат Хажимурат Коркмазовду сунуштап, И.Карамушкинанын айыптоолору боюнча тиешелүү комитеттин иликтеп чыгуусун сунуштады:

- Кесиптешим Карамушкинанын айткан сөзү боюнча... Бул абдан катуу сын болуп атат. Ушул сөздөр боюнча тийиштүү комитетке тапшырма берсек, изилдеп чыгышсын. Бул жерде чоң күнөө коюлуп атат, милициянын башкармалыгынабы же акимнеби...

Депутат И.Карамушкина коммунисттер сунуштаган Х.Коркмазовдун талапкерлигине каршы чыгып, анын жыйындарга аз катышкандыгын, андыктан комиссияга жоопкерчиликтүү башка бирөөнү кошуу керектигин айтты.

Анын бул сөзү да абдан кызуу кабыл алынып, “Ак жол” менен Коммунисттердин курамындагы депутаттар ага эскертүүлөрдү берип, кайсы бирлери ага катуу чара колдонуу керектигин билдиришти.

“Ак жол” фракциясынан Бейшенбек Абдрасаков мындай дейт:

- Биздин Хажимурат Зулкарнайовичтин дагы жеке жарандык укугуна шек келтирди да. Ошону айтайын деп атам. Биздин Этика комитетинен Динара Молдошева азыр эле бүтүрүп коелу деп атпайбы. Муну атайын жыйында карап, токтом кабыл алып, буга жөн эле кечирим суратып койбостон, катуураак чара колдонуш керек да. Буга чейин да билем, көп иштерди кылган. Мен билем.

Ошентип, социал-демократтардын мүчөсү депутат К.Кадыровду кол тийбестигинен ажыратуу маселесин караган комиссия ишин баштаган чакта, ушул эле фракция мүчөсү Ирина Карамушкинага катуу чара көрүү демилгшеси көтөрүлө баштады.

Эскерте кетсек, депутат Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура “коомдук-саясий абалды бузууга аракет кылды, шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында массалык башаламандыктарды уюштурду, шайлоо комиссияларынын иштерине жолтоо болду жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасады” деген сыяктуу айыптарды тагууда.

XS
SM
MD
LG