Кыргыз парламенти Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан СДПнын фракция мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратты.
Жогорку Кеңеш СДПК фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду кол тийбестиктен ажыратып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Башкы прокуратуранын сунушуна макулдук берди.
Ош шаарында милиция Акыйкат сот- чындык» укук коргоо уюмунун өкүлү Равшан Азизовдун үйүнөн "Хизб-ут-тахрир" партиясынын баракчалары жана ок атууучу курал табылгандыгын билдирди.
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Мамбетемин Өмүракунов Балыкчы окуясы боюнча соттолуп жаткандардын укугу тууралуу кеп салып берди.
10-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровдун маселесин кароо боюнча комиссия түздү.
ЖКнын үч фракциясы депутат Кубанычбек Кадыровду кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси боюнча убактылуу комиссия түздү.
БЭКтин лидерлеринин бири Исмаил Исаков бийлик коркутуу-үркүтүү жолу менен баратат, президент баштаган реформалардан майнап чыкпайт деп эсептейт.
Жогорку Кеңештин депутаты Санжарбек Кадыралиевди атып өлтүргөн деп айыпталып жаткан Алтынбек Итибаевдин ишин Бишкектин Свердлов райсоту кароодо.
Петровка менен Балыкчыдагы окуялардан кийинки камоолорго байланыштуу суроолорго укук коргоочу Акин Токталиев жооп берди.
Петровка жаңжалынан улам абакта жаткан үч адамдын абалы боюнча укук коргоочу Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” кеп салып берди.
БЭК уюштуруу жана каржы маселелериндеги өксүктөрдөн арылып, бийликке ашыкча эле цивилдүү боло бербей, анын өзүнө жараша адекваттуу мамиле кылууга өткөн жатат.
«Ата мекен» партиясынын Жалал-Абат облусундагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев элдин добушун бурмалап шайланган бийликтин өмүрү кыска деп билет.
Дагы жүктөңүз