“Азаттык” : - 23-июлдагы президенттик шайлоодо түштөн кийин талапкер Алмаз Атамбаевдин маалымат жыйынын өткөрүп байкоочуларды чакыртып алышынын себеби эмнеде? Буга сиздин тиешеңиз барбы?
Б.Бешимов: - 23-июлда шайлоо деген нерсе таптакыр жоюлду. Бакиев бийликти экинчи жолу күчкө салып басып алды. Узурпация болду. Мындан ары Кыргызстанда бийликти тынч жана Конституциялык адилеттүү шайлоо аркылуу алмаштырыш мүмкүн болбой калды. Ушул өтө маанилүү нерсени элдин көпчүлүгү 23-июлда түшкө чейин эле түшүндү. Шайлоо аркалуу эл өкмөттү жана жалпы бийликти алмаштыра албаса эмне кылыш керек?
“Азаттык”: - Эл арасында Феликс Кулов баштаган 2007-жылы апрель митингисинде оппозициянын “колу- буту” сынса, 23-июлда прзиденттик шайлоодон СДПнын байкоочуларын чакыртып алышы оппозициянын “омурткасын” сындырып, элдин оппозицияга, келечекке ишенимин, акыркы үмүтүн жоготту деген пикирлер айтылууда. Буга сиздин баамыңыз кандай?
Б.Бешимов: - Оппозицияга жана келечекке ишенимин кетирген адамдар колун жайып отура берсин. Бул дүйнөдө элдердин көбү көп жыл бою күрөшүп, татаал жолдорду басып өтүп, кыйналып эркиндикке жана демократия жетишкен. А кыргыздын жолу башкача болот дейсиңерби?
“Азаттык”: - Президенттик шайлоого байланыштуу Балыкчыда айыпталып жаткан карапайым жарандарга карата соттук териштирүүгө жана депутат Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестик макамынан ажыратылышына пикириңиз кандай?
Б.Бешимов: - Адилетсиз кадам. Кылмыш. Бул чечим менен ЖК өзүн-өзү жокко чыгарды. Мындай кадамды саясий өзүн өзү өлтүрүү дейт.
“Азаттык”: - Учурда КСДП менен Ата Мекен партиясынын биригүүсү боюнча аракеттер көрүлө баштады. Бул багыттан алганда Кыргызстанда күчтүү оппозициялык партия түзүлөбү же мындан деле майнап чыкпайбы? Деги эле Кыргызстанда оппозициянын келечеги барбы?
Б.Бешимов: - Оппозициянын келечеги элдин колунда. Мыкты саясатчылар асмандан түшпөйт, эл арасынан чыгат.
“Азаттык”: -“Кыргызстан өз алдынчалуулугун жоготту, тыштан башкарылып калды”,-деген пикириңизге негиз барбы?
Б.Бешимов: - Негиз жаныңызда эле жүрөт. Жакшы ойлонуп көрүңүзчү, азыркы мамлекеттик чечимдердин көпчүлүгү канчалык улуттук кызыкчылыкка туура келет? Элибиз ошол чечимдерден утуп жатабы? Улуттук кызыкчылык бул мамлекеттин бекемдиги, элдин жакшы жашоосу. Бакиев кимдин саясатын өткөрүп жатат? Эмне үчүн кыска мөөнөттүн ичинде бир маселе боюнча эки башка чечимдерди кабыл алып жатат? Жакынкы арада баардыгыбыз дагы башка таңгалычтуу нерселерди көрөрбүз. Элдин байлыгы кайда кетип жатат?
“Азаттык”: - Кыргызстанда азыркы бийликтегилердин башкаруу монополиясы орноду, деген сын-пикирлерге сиздин көз карашыңыз?
Б.Бешимов: - Бакиевдин караңгы бийлиги орнотулду. Улуттук тарыхта бул жылдар эң трагедиялуу жылдар болуп калат окшойт. Бакиев Кыргызстанды артка түртүп жардан кулатып жатат.
“Азаттык”: - Кыргызстандын Батыш, Орусия, Борбор Азияга байланыштуу жүргүзүп жаткан тышкы саясатына кандай баа бересиз?
Б.Бешимов: - Бакиевдин тышкы саясаты барбы?