“Азаттык” Кыргызстандын абактарындагы чыныгы абалды, кыйноо фактыларын, бийлик менен криминалдык чөйрөнүн байланышын ачып берүү максатында “Абак азабы” долбоорун сунуштайт.
Таанымал сынчы Кеңешбек Асаналиевдин атасы Асаналы Тердикбай уулу баштан кечирген азаптуу тагдырдын көлөкөсү уулуна да тийген. Бекташ Шамшиевдин блогу.
Илимпоз, агартуучу Ракым Усубакунов жогорку математика боюнча кыргыз тилинде окуулук жазганы үчүн коммунисттик бийликтин куугунтугуна кабылган. Таланттуу илимпоздун кызматынан алынышына нааразы болгон бишкектик студенттер каршылык билдирип чыгышкан.
23-сентябрда сталиндик репрессиянын Кыргызстандагы жана башка советтик өлкөлөрдөгү кылмыштарын изилдеп, ачыкка чыгарган журналист жана сынчы Регина Хелимскаяны эскерген иш-чара өттү. Регина Хелимская 2020-жылдын 1-сентябрь күнү, 73 жаш курагында Бишкекте дүйнөдөн кайткан.
Сталиндик репрессия эч кимди аяган эмес. Бай-кедейине, жаш-карысына, эмгегине, эл арасындагы кадыр-баркына карабай далай адамдар катаал жазага тартылган.
Кыргыз элинин сүймөнчүк акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин асманында кара булут 1937-жылы айлана баштаган.
Турдалы Токбаев социалисттик кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн биринчи катарында болгон.
Өмүрзак Коңурбаев 1942-жылы августта камакка алынган.
Мурзабек Тазабек уулу - алгачкы муун интеллигенттердин бири. Айылда агартуу, чарба жагында иштеп жүргөн кезинде камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен.
Кыргызстандык тарыхчылардын божомолу боюнча репрессия курмандыгы болгон адамдардын саны 40 миңден 100 миңге чейин деп айтылып жүрөт. Саясий куугунтуктан жок кылынгандарды актоо иштери социализм кулагандан кийин күчөп, 1994-жылы «Саясий жана диний ишеними үчүн куугу
Сталиндик репрессияда эки бир туугандын төрт уулу жок кылынган.
Дагы жүктөңүз