Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:56

Борбор Азия

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр. "Азаттыктын" коллажы.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр. "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстандын бийлиги Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) кайрылып, Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы өлкөлөрдөн айрым товарларды ташып келүүдө жеңилдиктерди алганын маалымдады. Мурдараак расмий Бишкек Москва кыргызстандык мигранттарга медициналык жардам берүүдөгү милдетин аткарбай жатканын айтып, уюмдун сотуна кайрылган. Анын алдында тигүү товарларын жөнөтүүдө маселе чыккан. Ушул күндөрү болсо бирикмедеги өнөктөш өлкөлөр – Кыргызстан менен Казакстан чегинде кайрадан автоунаалардын кезеги пайда болду.

Колго тийген жеңилдиктер

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 30-январдагы жыйынында Кыргызстанга берилген жеңилдиктер тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ кызматташтыгын координациялоо башкармалыгы 3-февралдагы басма сөз жыйынында жарыялады.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин жыйыны. 30-январь, 2025-жыл.
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин жыйыны. 30-январь, 2025-жыл.

Биринчиден, Кыргызстан ири мүйүздүү малдын этин ташып келүүдө бир жылдык жеңилдик алды. Мурда этке 15% өлчөмүндөгү импорттук бажы алымы алынса, кабыл алынган чечимге ылайык алымдын чени 0% болуп калды. Эч кандай бажы алымысыз Кыргызстанга 5 миң тоннага чейин эт алып кирүүгө мүмкүндүк берилет.

Экинчиден, текстил материалдары, тери, аңтери жана ошол сыяктуу товарларга 3 жылдык мөөнөткө кошумча тарифтик жеңилдик кабыл алынды. Үчүнчүдөн, ушундай эле тарифтик жеңилдик какао майын жана чийки камыш кантын алып кирүүгө да берилди. Какао майына 300 тонна, чийки камыш кантына 20 миң тонна көлөм каралды.

Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ кызматташтыгын координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу басма сөз жыйынында буларга токтолду:

Элимбек Каныбек уулу
Элимбек Каныбек уулу

“Кабыл алынган чечимдер Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, атамекендик кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого, ички рынокто бааларды турукташтырууга жана даяр продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө багытталган. Бул товарларды Кыргызстанга гана ташып келе алабыз жана сыртка чыгара албайбыз”.

Министрликтин өкүлдөрү тактагандай, Евразия экономикалык комиссиясы мындан сырткары Кыргызстан үчүн жарандык жүргүнчү учактарына карата тарифтик жеңилдиктерди эки жылга чейин узартты. Алардын пикиринде, бул чечим авиациялык техникалык паркты жаңылоого дем бериши ыктымал.

Тигүүчүлөрдүн көйгөйү чечилдиби?

Атайын басма сөз жыйынында журналисттер соңку айларда тоскоолдуктарга кабылып жаткан текстиль тармагынын көйгөйлөрүнө токтолуп, “Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз тигүүчүлөрүнө кандай жеңилдиктерди берди?” деген суроо коюшту.

Экономика жана коммерция министрлигинин адиси Элимбек Каныбек уулу буга минтип жооп берди:

“Тигүүчүлөрдүн маселеси Евразия экономикалык комиссиясынын декабрь айындагы жыйынында каралган. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышып, маселе көтөргөн. Ал Wildberries жана башка маркеттер аркылуу кийим-кечек жеткирүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын айтып, аны чечүү талабын койгон. ЕАЭБ бул маселени өзүнүн кароосуна алып, бир жарым айдын ичинде алты жыйын өткөрдүк. Ага Wildberries’дин, Ozon’дун өкүлдөрү, биздин ишкерлер, Орусиянын өкүлдөрү катышты. Бул иш-аракеттер жыйынтык берди, өз ара түшүнүүгө жетиштик. Орусиянын Федералдык бажы кызматынын өкүлдөрү 30-январдан тартып Кыргызстандан электрондук аянтчалары аркылуу бараткан текстиль товарлары биз макулдашкан модел менен чек арадан эч кандай тоскоолдуксуз өтө баштай турганын ырасташты. Биз жакын арада биздин бизнес өкүлдөргө тиешелүү өзгөрүүлөр тууралуу семинарларды өткөрүп, бажы документтерин кантип туура толтурууну үйрөтөбүз жана түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз”.

Былтыр сентябрь айынан баштап Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарып жатканы кабарланган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин маалымдашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорт саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарган.

Кыргызстандагы тигүү ишканаларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы тигүү ишканаларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Транспорт министрлиги кезектин узарышын Орусия Федерациясы тараптан текшерүүлөрдүн күчөшү менен түшүндүргөн. Орус бажычылары жана чек арачылары жүктөрдүн документтерине, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык талаптар боюнча жаңы талаптарды киргизгени маалым болгон.

Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүктөрү ара жолдо калып же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.

Тигүүчүлөрдүн көйгөйү Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлүп, парламенттин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун 16-январдагы жыйынында ишкерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда талкууланган.

Президент Садыр Жапаровдун ишкерлер менен жолугушуусу. 21-январь, 2026-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун ишкерлер менен жолугушуусу. 21-январь, 2026-жыл.

21-январда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өкмөткө тапшырмаларды койгон.

Тигүү цехин иштеткен ишкер, аталган тармактагы көйгөйлөрдү көтөрүп жаткан Диля Дүйшөбаева соңку жагдай кандай болуп калганын айтып берди:

Диля Дүйшөбаева
Диля Дүйшөбаева

“Маселе чыккан соң биздин ассоциация Экономика министрлигине кат жазганбыз. Кийин ар кайсы деңгээлде, анын ичинде президент менен да жолугушуу өтүп, мамлекет башчы тапшырмаларды берди. Орусия, маркетплейстер, ишкерлер жана башка бардык тараптар катышкан онлайн сүйлөшүүлөр болду. Мен азыр Кытайга товар алганы келгем, мен келатканда маселе 90% чечилип калган эле. Азырынча товар жөнөтүүдөгү тоскоолдуктар жоюлган же жоюлбаганын байкай элекпиз, эгер оң чечим чыккан болсо анда эми сезилет болуш керек”.

Тигүү тармагына байланыштуу кыргыз-казак жана казак-орус чек арасындагы узун кезек да ошондой окуялардын бири. Орусия президенти Владимир Путиндин былтыр ноябрдагы Бишкек сапарында тигүү тармагы туш болгон кырдаал талкууланып, маселе чечилери тууралуу сөз болгон. Кийин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын декабрдагы Санкт-Петербург саммитинде да ушул маселе козголгон.

Чек арадагы кезек кала берди

Ал ортодо Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) расмий баракчасы кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезек күтүүсү боюнча маалымат таратты. Анда казак өкмөтү Кыргызстандан жүк мыйзамсыз өткөн учурлар бар экенин, текшерүү атайын белгиленген убакта аяктай турганын билдиргени жазылган.

“Текшерүү улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн токтотуу аркылуу чек арада тартип орнотууга багытталган. Астана бир тууган Кыргызстан менен өзгөчө ынак коңшулук мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты жогору баалайт. Казакстан эки өлкөнүн экономикасына жана эл аралык аброюна олуттуу зыян келтирген мыйзамсыз аракеттерди токтотуу багытында түшүнүү жана мындан аркы биргелешкен кызматташтык жүрөт деп үмүттөнөт”, - деп жазылган казак тараптын расмий билдирүүсүндө.

Маалыматта уюмдун алкагында товарлардын мыйзамсыз ташылышына каршы күрөшкө маани берилери, бул багытта навигациялык пломба колдонуу, товарлардын өтүшүн артынан көзөмөлдөө жана маркалоо механизмдери киргизилгени жазылган.

Казак тараптын билдирүүсү боюнча Кыргызстандын Министрлер кабинети комментарий бере элек.

Кыргыз-казак чек арасындагы кезек. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы кезек. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек Кыргызстан ЕАЭБге кирген он жылча убакытта көп ирет катталды. Коңшу өлкөнүн чек арасындагы текшерүүлөр адатта жаз алдында күчөп баштайт, ошондуктан кээде бул сугат сууну жөнгө салуу үчүн жасалган инструмент катары да бааланып жүрөт. Мындай окуялар кээде эки өлкө бийлигинин ортосунда кайым айтышуу да жараткан. Бирок чек арадагы узун кезектер улам-улам кайталанып келатат.

Коомдук ишмер жана чарбакер Манасбек Султанов ЕАЭБ берген соңку жеңилдиктерди сооротуучу ыкма деп атады:

Манасбек Султанов
Манасбек Султанов

“Евразия экономикалык биримдигин түптөгөндө алар Европа биримдиги сыяктуу кылабыз деп ойлошкон. Бирок бул уюм аны кайталай алган жок, жөн гана анын байкуш пародиясы болуп калды. Европада бир өлкөдөн бир өлкөгө киргенде чек ара жок, бажы жок. Машинелер жөн эле өтүп кете берет, эч ким текшербейт. А биздечи? ЕАЭБ болгонубуз менен эч нерсе өзгөргөн жок. Европадан товар алып келем десең Беларуска кирсең текшерт, андан Орусияга өтсөң текшерет, кайра Казакстанга киргенде дагы текшерет. Сааттап кезекте турасың, текшерүүсү толтура. Тоскоолдуктары да ошончо. Анан кайра-кайра айтып-деп, ызы-чуу салып атып, жогоруда айтылгандай кичинекей жеңилдиктерди берет, упчу эмизгенсип... Казакстандагы адистер менен баарлашсам, алар биз ЕАЭБде талапты катуу коюп, өз таламыбызды талашабыз, Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында жакпаган тартиптерге ар бир ирет каршылык көрсөтөбүз, кыргызстандык өкүлдөр көбүнө унчукпай “макул” деп коюшат” деп айтышты. Биздин өкмөт өкүлдөрү тиешелүү маселелер боюнча талап коюшканы менен аларды ийге келтирүүчү рычагдарга ээ эмес. Ошонун айынан чек арада кайра-кайра кезек узарып, жүк ташуучу унаалар тыгылып калууда”.

Кыргызстандын дооматы, Орусиянын жообу

Доомат демекчи, Кыргызстандын өкмөтү январь айында Орусия мигранттардын медициналык жардам алуу укугун сактабай жатат деп Евразия экономикалык биримдигинин сотуна даттанганы маалым болду.

Муну алгач Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов 27-январда парламенттин жыйынында айтып, Орусияда иштеген кыргыз мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу берилбей жатканын жүйө келтирди.

28-январда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасына катышкан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга түшүндүрмө берип, кыргыз тарап ЕАЭБ сотунан түшүндүрмө гана сураганын тактады.

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“ЕАЭБдин соту келишимдин алкагында тараптар кандай милдеттерди алышы керек, ушу тууралуу түшүндүрмө берет. Жөн гана түшүндүрмө. Бул сот процесси эмес же милдеттенме эмес. Беш мамлекеттин алкагында, беш мамлекетке тең бирдей тиешеси бар келишим түзүлгөн да ЕАЭБдин алкагында. Эгер кандайдыр бир тарап милдеттенмесин аткарбаган болсо, комиссиялар бар, анын алкагында министрликтер бар. Ошолор маселени талдап чыгышат", – деди Данияр Амангелдиев.

Бул арада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин сотуна кайрылуусу даттануу эмес, келишимдин ченемдерин тактап берүү, түшүндүрүү экенин билдирди.

Мария Захарова
Мария Захарова

“Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстан ЕАЭБдин сотуна доо менен кайрылган имиш деп жазып чыгышты. Эч кандай доо коюлган жок. Кыргыз тарап муну тез арада тастыктап маалымат таратты. Бишкек 2025-жылдын ноябрында уюмдун сотуна ЕАЭБдин келишиминдеги милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча бөлүгүн тактоону түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган экен. Анын аягы сот тараптан кеңеш берүүчү бүтүм менен жыйынтыкталат жана ал сунуш мүнөзүндө гана болот. Биз, Орусия тарап да соттук органдын бул маселе боюнча турумун күтүп жатабыз”, – деди ал 30-январдагы брифингде.

Маалыматтарга ылайык, бул боюнча талаштын чечими эки апта ичинде чыгышы ыктымал.

Евразия экономикалык биримдигинин соту уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды, келишимдердин аткарылышын карайт. Ага мүчө мамлекеттер жана компаниялар доо арыз менен кайрыла алат. Анда ЕАЭБге кирген беш өлкөгө экиден квота берилип, жалпы он судья иштейт.

Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизген соң ал жакта эмгектенген мигранттардын саны дээрлик эки-үч эсе кыскарды. Мурун орус жергесинде, бейрасмий маалымат боюнча, миллиондой кыргызстандык иштеп жүргөн болсо, азыр 341 миңдейи гана калды.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан Евробиримдиктин санкцияларына кабылышы ыктымал. Bloomberg агенттиги жазгандай Украинадагы согуштун беш жылдыгын утурлай даярдалып жаткан санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга каршы чаралар да талкууланууда. Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке какты.

Буга чейин Брюссел кыргызстандык айрым жеке компанияларды жана банктарды "кара тизмеге" киргизген. Кыргыз бийлиги Кыргызстан Орусия менен экономикалык байланышты таптакыр үзүп коё албай турганын айтып, Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын санкциядан чыгарууну талап кылган. Расмий Бишкек ыктымал санкция боюнча да сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Жаңы санкциянын карааны

Кыргызстанга киргизилиши мүмкүн болгон жаңы санкция жөнүндө кабарды америкалык Bloomberg маалымат агенттиги 30-январда жазды. Басылма өз булактарына таянып, бул ирет орусиялык банктарга жана мунай компанияларына, Москвага санкциялардан буйтоого жардам берип жаткан үчүнчү өлкөлөрдөгү криптовалюталык сервистерге жана каржылык уюмдарга да кошумча чектөөлөр сунушталышы мүмкүн экенин жазды.

Сөз болуп жаткан чаралардын катарында Кыргызстанга CNC станокторун жана радиоэлектрондук жабдууларды сатууга тыюу салышы ыктымал.

“Биздин булактарыбыздын сөзүнө караганда, Европа Биримдиги ошондой эле санкциялардан буйтоого каршы туруу үчүн алгачкы чара колдонууну да караштырууда. Тагыраагы аны менен Кыргызстанга станокторду жана радиожабдууларды экспорттоого тыюу салынышы ыктымал”, деп жазат Bloomberg басылмасынын журналисти Альберто Нарделли.

Басылма тактагандай, Брюссел жаңы санкциялардын 20-пакетин февралдын аягына чейин кабыл алышы ыктымал.

Bloomberg агенттиги Кыргызстанга байланыштуу башка маалыматтарды же статистикаларды келтирген эмес. Бирок ага шилтеме кылган башка маалымат каражаттары Европа мамлекеттеринен Кыргызстанга экспорт өскөнүн ырастаган башка мекемелердин билдирүүлөрүн кошуп басышты. Анын ичинде Brookings Institution уюмунун бир-эки жыл мурунку маалыматтары мисал тартылууда.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Brookings мекемесинин 2023-2024-жылдары чыгарган иликтөөлөрүндө 2022-жылдын февралында орус аскерлери Украинага кол салгандан кийин бүткүл дүйнөдөн Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө экспорт өскөнүн, ал товарлар кайра Орусияга реэкспорт болуп жатканын билдирип келет. Мисал катары кээ бир өлкөлөрдүн Кыргызстанга экспорту болуп көрбөгөндөй өскөнү келтирилген.

“Европалык экспорттун эң негизги багыты Кыргызстан болуп калды. Ал жактагы товарлар аягы келип Орусияга жетип калууда. Мында Эстониянын Кыргызстанга экспорту 10000% өстү. Финляндиянын экспорту 3100%, Польшанын экспорту 2200%, Грекиянын экспорту 2100% жогорулады. Албетте, баары эле муну алектенип жаткан жок”, – деп жазат өз иликтөөсүн чечмелеген Brookings Institution уюмунун экономисти Робин Брукс.

Орусия Украинага кол салган соң Борбор Азиядагы мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын тышкы соодасы кескин жанданганы жалпы коомчулук үчүн таң калычтуу эмес. Мурда Кыргызстанга келбеген товарлар келип жатканы, алар Орусияга кетип жатышы ыктымалдыгын бир катар басылмалар, анын ичинде “Азаттык” да өз алдынча иликтеген.

Кыргыз бийлигинин жообу

Батыш мамлекеттери, анын ичинде Европа Биримдигиндеги өлкөлөр, Улуу Британия, АКШ жана башкалар бул жагдайга байланыштуу Орусия менен соодасын күчөткөн башка мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келди.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы бирин-серин фирмалар кара тизмеге кирди. Банктарды жана соода фирмаларын кошкондо соңку эсепте Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илешкен кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти.

Эгер Европа Биримдиги Кыргызстанга кандайдыр бир чектөө койсо, анда ал мамлекетке колдонулган алгачкы санкция болуп калат. Кээ бир сайттар жазгандай, бул атүгүл Орусияга көмөктөшкөнү үчүн санкцияга илинген постсоветтик чөлкөмдөгү биринчи мамлекет болуп калышы да мүмкүн.

Кыргызстандын бийлиги жеке компанияларды колдонулган чараларды кескин айыптап, айрыкча банктарга салынган санкцияларды кайра алууну талап кылган. Өкмөт өкүлдөрү жаңы санкция жөнүндө да сүйлөшүү жүрүп жатканын ырасташты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Бул боюнча ушул күндөрү Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан менен бул боюнча видео байланыш аркылуу сүйлөшүү болгону жатат. Анткени, алар келтирген нерселер боюнча маалымат жок. Мен былтыр ноябрда Европага барганда да жолугушууларды өткөрүп келгем. “Кандайдыр бир чара колдонулса алдын ала маалыматтарды алмашып турабыз” деп сүйлөшкөнбүз. Азыр бир басылманын эле маалыматы чыкты да, ал расмий маалымат эмес, далили же башка нерсеси жок. Анүстүнө, биз кайсы бир курал-жарак же башка ушул сыяктуу товарларды экспорттоого чектөө койгонбуз. Ошондуктан бизде мындай маселе болушу мүмкүн эмес. [...] Биз түшүнгөндөн “Эстония, Финляндия деген мамлекеттерден кайсы бир жабдууларды жеткириптир” деп жатышат. Биз деле “Кыргызстанда фирмалар миңдеп саналат, анын баарын колунан кармап, текшере албайбыз, фактыларды бергиле” деп айттык. Негизи мында деле Кыргызстан мамлекетине санкция салуу деген нерсе жок. Эгер алар кандайдыр бир чара колдонсо ушул мамлекеттерге “Кыргызстанга мобу жабдууларды сатпагыла” деген сунуштама бериши мүмкүн. “Кыргызстанга санкция салабыз, аны менен иштешпегиле” деген сөз жок”.

Ошол эле мезгилде Кыргызстанга кайсы бир товарлардын ташып келүүдөгү эселенген өсүүлөр жөнүндө суроого Данияр Амангелдиев мындайча жооп берди:

“Мисалга, кайсы бир жабдуу бизге мурда таптакыр ташылып келбесе, же 1 сомго ташылып келсе, кийинки жылы 10 сомго же 100 сомго ташылып келсе, анда автоматтык түрдө 10 эсе, 100 эсеге көбөйүп кеткен болуп кетип атпайбы. Биз аларга “товарлардын экспортуна пайыздык өсүү койбой, натуралдык көлөмүнө карап чыгаргыла” деп айтканбыз. Мисалы, 1000% көбөйүп кеткени деген товары болгону 10 миллион доллар экен. Ал сумма биздин тышкы товар жүгүртүүнүн ичинде бир тамчы да. Менимче, мында кайсы бир тараптардын гана апырта берилген чечмелөөсү болуп жатат [...] Болбосо Бир да Европа мамлекетинен Кыргызстанга түздөн-түз доомат койгон эмес. Ошол эле банктар боюнча да “эмнеге киргиздиңер?” деп маселе койгонбуз. Ошол эле “Толубай” банкты алар telebay дейби, же telepay дейби, айтор, ошондой төлөм системасы менен алмаштырып алышыптыр. Ошондуктан азыр аталган банкты санкциядан чыгаруу үчүн чоң иштерди жүргүзүп жатабыз”.

Кыргызстандын бедели

Ырас, Кыргызстандын бийлигин кыргыз банктарынын санкцияга илешкени көбүрөөк кыжаалат кылды. Өлкөдө 23 банк болсо, ушул тапта ошонун төртөө – “Толубай Банк”, “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.

Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө да ушул маселеге кайрылып, Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган:

Садыр Жапаров БУУда. 23-сентябрь, 2025-жыл .
Садыр Жапаров БУУда. 23-сентябрь, 2025-жыл .

“Кыргызстан банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшертүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярбыз. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат. Ошондуктан экономикалык жактан алганда Орусия менен кызматташпай коё албайбыз. Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз. Мисалы, биз ошол эле Англияга жылына 1 миллиарддан ашык долларга алтын сатабыз. Менин өлкө президенти катары биринчи милдетим – жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу. Биз экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршыбыз. Ошондуктан эки банкыбызга салган санкцияларды тез арада алып салууну талап кылабыз”, – деген мамлекет башчы.

Кыргызстандын бийлиги Орусия менен Украинанын согушунда бейтарап турумда экенин эки тараптын жаңжалынын башында эле жарыялаган. Кыргыз бийлиги Бишкек эч качан согушту колдобой турганын, курал-жарактардын кайсы бир тарапка өтүшүнө жол бербесин улам-улам кайталап келет.

Ошол эле убакта Кыргызстандын аймагында Орусияга байланыштуу компаниялардын иш жүргүзүп жатканы көп түкшүмөлдөрдү жаратып келет. Молдовадан качып чыгып, орус жергесинде жашап жүргөн олигарх Илан Шор Кыргызстандын аймагында Grinex аттуу криптобиржа уюштуруп, Бишкекте рублге теңме-тең байланган A7A5 аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыгарылганы 2025-жылдагы эң негизги окуялардын бири болду.

Европа Биримдигинин санкциясына кирген Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.
Европа Биримдигинин санкциясына кирген Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.

Мына ушундай түкшүмөлдөрдүн фонунда АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC), Улуу Британиянын өкмөтү, Европа Биримдиги Grinex криптобиржасына жана стейблкоинди чыгарган “Олд Вектор” компаниясына, алардын негиздөөчүлөрүнө санкция киргизген. Былтыр жыл соңунда Шорго байланышы бар кыргызстандык KIFIKO аттуу компания да санкцияга илинген.

Жарандык активист жана экономист Марат Мүсүралиев мурда жеке компанияларга чара колдонгон Европа Биримдиги Кыргызстанга санкция салса бул өлкөнүн кадыр-баркына доо кетирерин белгиледи:

Марат Мүсүралиев
Марат Мүсүралиев

“Орусияга санкциялар киргизилгенден баштап Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги айрым өлкөлөр менен соодасы абдан өстү. Ал боюнча статистикаларды чыгарышты, кээ бир өлкөлөрдөн импорт 30-40 эсе көбөйгөн. Анын баарын кайда катабыз? Ачыгын айтканда, Орусиянын башка дүйнөдөн чектелип жатканынан Кыргызстан колдонуп жатты. Анын ичинде шылуун компаниялар Кыргызстан аркылуу керектүү товарларын Орусияга ташууга аракет кылышты. Жеке компанияларга санкция салганы эффект бербедиби, эми мамлекеттин өзүнө салганы жатышат. Аны Армениядан, Казакстандан же башка өлкөдөн эмес, Кыргызстандан баштаганы турат окшойт. Эгер санкциядан буйтоодон жеке компаниялар, жеке адамдар пайда тапкан болсо, эгер Евробиримдик өлкөгө санкция салса анда азабын жалпыбыз тартабыз. Санкцияга кирип калуу оңой эле, бирок андан чыгуу абдан оор. Бул биздин экономикабызга көптөгөн зыян алып келет. Бул репутациялык маселе. Кыргызстанга инвестиция салам дегендер бир эмес, жети сыйра ойлонуп, анан чечим кабыл алганга өтүшөт”.

Financial Times басылмасы былтыр жайда чыгарган макаласында Grinex ачылган төрт ай ичинде 9 млрд доллар айлатканын маалымдаган.

“Азаттыктын” бир нече кызматы биргелешип жасаган декабрдагы иликтөөдө болсо A7A5 криптовалютасы менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 79 млрд долларга жеткенин эсептелген.

Айрым басылмалар 2026-жылдын башына карата Grinex криптобиржасында айланган акчанын көлөмү 100 млрд доллардан ашканын маалымдашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG