Орус өкмөтү мындай эреже менен Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) келген товарларга көзөмөлдү күчөтүүнү, алардан түшүүчү кошумча нарк салыгы менен акциз төлөмдөрүнүн ачыктыгына жетишүүнү көздөп жатканын билдирүүдө.
Дагы да тагыраак айтсак, орус өкмөтү ушундай жол менен “көмүскө импортту” токтотууну, салыктан качууну азайтууну, товардын кайдан келип, кайда сатылганын толук көзөмөлдөөнү каалап жатат. СПОТ системасы боюнча атайын концепция иштеп чыгышкан.
15-апрелде Мамлекеттик Думада мыйзам кабыл алынар замат орус өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, аппаратынын жетекчиси Дмитрий Григоренко бизнес-ассоциациялардын катышуусунда жыйын өткөрүп, системаны ишке киргизүүнүн жолдорун талкуулады.
"СПОТ – бул ички базарды коргоо механизми. Система дароо эки маанилүү маселени чечет. Биринчиден, ал адилеттүү атаандаштык чөйрөнү түзүүнү шарттайт. Импорттогу “көмүскө схемалардын” катышуучуларын аныктоо менен бардык акниет салык төлөөчүлөр – сатуучулар да, орусиялык өндүрүүчүлөр да бирдей шартта болуп калышат. Экинчиден, СПОТ жеткирүүчүнү так идентификациялоонун эсебинен жарандардын керектөө укуктарынын корголушун күчөтөт. Көзөмөл органдары кирген товардын мыйзамдуулугун эле эмес, алардын сапат стандарттарына шайкештигин да дароо көрүп турат”, - деди Григоренко.
Орусиянын салык кызматы СПОТ боюнча электрондук сервис ишкерлер үчүн ыңгайлуу болуп жасалганын жана ишке киргизүүгө даяр экенин билдирүүдө. Федералдык бажы кызматы болсо чек арада унааларды тандалма текшерүү үчүн ыкчам топтор даярдалганын кабарлады.
СПОТ деген эмне жана ал кыргыз ишкерлери үчүн эмнеси менен маанилүү?
СПОТ – орусча “Система подтверждения ожидания товаров” деп чечмеленет. Кыргызча “Товарларды күтүүнү ырастоо системасы” десе болот. Башкача айтканда, Орусиядагы импортчулар Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн товарды алып кирерден мурда эле мамлекетке анын көлөмү жана баалары жөнүндө билдирип, салыкты алдын ала төлөшү керек.
Жаңы эрежелер боюнча импортчу алып кирип жаткан товары эмне экенин, ал кайдан келерин, ким алып келерин – баарын алдын ала системага билдирет. Кошумча нарк салыгын, эгерде бар болсо, анда акциз төлөмдөрүн да товар келерден мурун төлөйт. Салыктары алдын ала төлөнбөгөн товарлар чек арадан өткөрүлбөйт. Системага киргизилген товарларга атайын QR код ыйгарылат жана аларды чек арада ошол код менен текшеришет.
Жаңы эреже кандай товарларга тийиштүү болору атайын тизмеде каралат. Ага тез бузулуучу айыл чарба азыктары кирбеши мүмкүн.
Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз Экспорт” борборунан билдиргендей, ЕАЭБдин аймагында товар экспорттоодо электрондук эсеп-фактура, коштомо кагаз (накладная), компаниялардын ортосундагы келишимдин көчүрмөсү жана автожеткирүүчүлөрдүн коштомо кагазы (накладная) талап кылынат. Муну менен катар фитосанитардык, ветеринардык сертификаттар, шайкештик декларациясы сыяктуу документтер да болушу шарт.
“Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров СПОТ системасы ишке киргенде эрежелер кандай өзгөрөрүн мындайча түшүндүрдү:
“Буга дагы жаңы документтер кошулат – бул QR код. Сатып алуучу Федералдык салык кызматында (ФНС) ДОППту (Документ о предстоящей поставке - Алдыдагы жеткирүү жөнүндө документ) түзгөндө же продукцияны жеткирүүнү алдын ала ырастоо документи QR код менен берилет. QR кодду сөзсүз түрдө ошол документтердин пакетине кошуш керек. Ушул документтер ФНСтин системасында эки күн алдын ала түзүлүшү керек. Эгер ошол QR код жок болсо, же документтер түзүлбөсө машиналар Орусия Федерациясынын аймагына киргизилбейт. Орусиянын салык төлөөчүсү же болбосо биздин кардар-импорттоочу өзүнүн кабинетине кирип, QR кодду ошол жактан жүктөйт. Анан биздин экспорттоочуга берет, ал болсо биздин документтердин пакетинин баарын кошуп туруп ошол жакка киргизет”.
Адис белгилегендей, жаңы СПОТ системасы Орусиядагы импортчу компанияларга иштейт. Деген менен, анын ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү, анын ичинде Орусияга товар экспорт кылган кыргыз ишкерлери да сезбей койбойт. Мисалы, буга чейин ар кандай товарларды Кытайдан же башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга алып келип, андан ары ЕАЭБдин алкагында Орусияга жөнөтүү схемасы көп колдонулган. Анүчүн Кыргызстандын салык системасы бир кыйла жеңил жана ыңгайлуу болуп эсептелчү.
Жөнөкөй мисал. Буга чейин товарды Орусияга алып кирип, сатып, андан кийин гана салыгы төлөнчү. СПОТ системасы ишке киргенден кийин импортчу компания товардын салыгын алдын ала Орусиянын казынасына төлөп, анан киргизет. Андай болгондо, анын кыргыз ишкеринин ишмердигине таасири кандай болмокчу?
Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров мыйзам талаптарын так сактап иштеген компаниялар жаңы эрежелерден кыйналбай өтүп кетерин айтты. Ал эми буга чейин “көмүскө схемалар” менен иштеген экспортчулар үчүн маселе жараларын белгиледи:
“Сентябрда Казакстан Орусия менен чек арасындагы бажы көзөмөлүн күчөткөндөн бери бир катар компаниялар "ак схемага" өтүп атышат. Ак схема менен иштеп аткан компаниялар экспортту расмий түрдө көрсөтүп, салыктарды төлөйт. Ошондуктан экспорт өсөт. Биз айрым экспортчулар менен сүйлөшүп калабыз, алар көп жылдан бери расмий түрдө иштеп жаткан экспортчулар – алардын кардарлары өстү. Сентябрдан баштап алардын буйрутмаларынын көлөмү өстү. Бул эмнени билдирет? Кимдер расмий түрдө даяр болсо көзөмөл канчалык күчөтүлбөсүн, алар ошол шартка тез эле ыңгайлашып кетишет. Мурда “көмүскө схема” менен иштегендерге кыйыныраак болот же өткөөл мезгилге көнүшү үчүн убакыт талап кылынат. Себеби бул жакта өткөөл мезгил болуп, сөзсүз түрдө ак, ачык экономикага өтүш керек”.
"Бул кыргыз ишкерлери үчүн тоскоолдуктун бир түрү"
Орусияда киргизилип жаткан жаңы эрежелерден улам кыргыз ишкерлери үчүн кандай таасир күтүлөт?
Биринчиден, товарды Орусияга киргизгенден алдың эле салыгын төлөш керек болгондуктан акчага басым көбөйүп, ишкерлерде капиталдын тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Экинчиден, товарды тариздөө, текшерүү жана логистика процесстери бир кыйла татаалдайт. Мындан улам товардын баасы өсүшү мүмкүн.
Мурдагы айыл чарба министри, “Мөмө” ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев Орусияда киргизилген жаңы эрежелер кыргыз ишкерлери үчүн да бир кыйла түйшүк жаратарын айтууда:
“Негизи, жалпы көлөмдө айтсак, бюрократиялык нерселер кошумча чыгымдарды алып келиши мүмкүн. Албетте, кандайдыр бир бюрократиялык тоскоолдуктар, салыктарды алдын ала төлөттүргөнү акчаны талап кылат. Ошондуктан бул дагы кандайдыр бир деңгээлде барьердин бири деп эсептесек болот. Ишкерлер алардын талаптарына жооп бере тургандай кылып, ошого адаптация болушу керек. Канчалык эртерээк адаптация болуп, мурункудай “көмүскө схемалар” менен иштегендердин иши таптакыр эле токтоп же оорлошуп калышы мүмкүн. Бул система ачык-айкын иштеген, бүт салыктарды ачык-айкын төлөгөндөр үчүн, тескерисинче, жакшы болот деп ойлом. Анткени, базардагы баарына бир талаптар коюлуп, бир эрежелер менен иштегендей болуп калат”.
Орус эксперттери белгилеп жаткандай, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү Орусиянын экономикасы үчүн узак жылдар бою “көмүскө аймак” болуп келген. Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандан барган товар Орусияга базар баасынан бир кыйла төмөн наркта, көбүнчө бир күндүк фирмаларга жеткирилчү. Кошумча нарк салыгы менен акциз төлөмү товар баргандан бир айдан кийин декларацияланчу, ошондо да ал үчүн отчет же төлөмдөр ачык болчу эмес. Орусияга салынган санкциялардан улам ЕАЭБден барган товардын көлөмү кескин өскөндө жагдай татаалдап кеткен. Мындай көйгөйдү орус өкмөтү СПОТ өңдүү механизмдерди киргизүү менен чечүүнү көздөп жатат.
Жаңы системаны киргизүү менен товардын агымын ачыктоо жана бюджетти толуктоо максаты коюлган. Концепциянын авторлорунун эсептөөлөрүндө 2027-жылы эле орус бюджети 100 млрд рубл кошумча киреше табат, 2028-жылдан тартып бюджеттик киреше жылына 150 млрд рублге жетет.
Шерине