"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы, журналист.
Прагада өкүмзордук кылып парккка үй салса болобу? Прагада шамалда бак кулаган учур болгонбу? Прага парктарына эмне үчүн туристтер агылат? Бишкек эмне үчүн бак проблемасын чече албай келет? Үлгү алчу, жойчу маселелер кайсылар?
22-июлда кечки саат ондо Бишкектеги Тарых музейинде өрт чыкты. Өрттүн муйзейге, анын ичинде баалуу экспонаттарга алып келген кесепети тууралуу маалыматтар эки ача чыгууда.
Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан жоопкерчилиги чектелген "Казминерал" компаниясына Ала-Бука, Чаткалдын экологиясына байланыштуу жергиликтүүлөр койгон дооматтардын айланасындагы талаш-тартышка чекит коюла элек.
"Кумтөр" компаниясы эл аралык көз карандысыз гляциологдордон турган топту чогултуп, Давыдов мөңгүсүн, Ак-Шыйрактагы Петров жана башка мөңгүлөргө салыштыруу жүргүзүп, жалпы жоготуулар боюнча маалымат таратты.
Жума күнкү түшкү тыныгууну 12-30дан 14-30га чейин узартуу боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалды. Аталган демилгени сындагандар Кыргызстан светтик өлкө экенин баса белгилешүүдө.
21 жаштагы таэкфондочу Нурай Нурланова Азия чемпиону. Кыргызстандын чемпиондугун үч жолу багындырып, Лондондо өткөн дүйнөлүк таймашта төртүнчү тизмеге илинген.
Мындан ары товарлардын, авиабилеттердин жана турак жайлардын наркы, акча жүгүртүү жалаң сом менен көргөзүлүшү шарт. Бул жобону бузган жарандар, жеке ишкерлер, мекеме-ишканалар айып пул төлөйт.
Туризмди өнүктүрүүгө кыргыз өкмөтү тарабынан көп эле аракеттер көрүлүп, керектүү каражатты бөлүп жаткандай таасир калтырары бышык.
Макмал алтын комбинаты 1986-жылы ачылып быйыл туура отуз жыл болду. Учурунда он жыл гана иштөөгө эсептелген комбинат узартылып отуруп, азыр бир жарым жылдык запастагы гана алтыны калган.
"Макмал" алтын комбинаты 1986-жылы ачылып, анын иштегенине быйыл туура отуз жыл толду.
Ички миграциянын агымы менен жер которууда прописка институтунун талабы, балдардын жөлөк пулу, ишке орношуу, сатуу же сатып алуулардагы толгон-токой паспортко байланышкан көйгөйлөр арбын.
Өкмөт турак жай салууга жана сатып алууга арзан кредит бөлүүнүн моделин иштеп чыгып беш миллиарддан ашуун акча бөлгөнүн айтат.
Энергетика тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан толуктоо жана түзөтүүлөр кардарлар арасында кызуу талкуу жаратты.
Кыргыз өкмөтү электр энергиясындагы жоготууларды 12 пайызга чейин төмөндтүүнү максат койду. Көз карандысыз энергетиктер, өкмөт үмүт арткан акылдуу эсептегичтер эскинин калдыктары экенин, ал жабдууларды башка өлкөлөрдөн сатып алууда оңбогондой коррупциялык аралашуулар бар экенин айтышууда. Электр эне
Үч айдан бери Бишкектин ири соода күркөлөрүндө кардарларга био баштыктар сунуштала баштады. Бирок кээ бир бишкектиктер эко баштыкты бир сомго сатып алуудан баш тартып, көнгөн адатынча бекер желим баштык сурашат.
Жалал-Абад шаарынын таштандыларды төгүүчү полигону 2009-жылы Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн.
Бакыт Садыков 1990-жылдардын аягынан бери Бишкектеги базарлардын биринде эт чабуучу болуп иштейт. Ат-Башынын Казбек айылында өсүп, ички миграциянын агымы менен Фрунзе шаарына келип, ошондон бери эт азыктары менен тейлөө тармагында иштеп келатат.
Жалал-Абад шаарынын cаркынды сууларды тазалоочу жайы капиталдык ремонттон өтүп, биологиялык тазалоочу жайын курушу зарыл. Экологдордун айтуусунда, саркындылар биологиялык тазалоодон өтпөгөн соң микробдор жок кылынбай, жугуштуу ооруларды таратышы мүмкүн.
Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы “Адеми” балдар бакчасы колдонууга жараксыз делген имаратка чамаларына жараша ремонт жасап, жүзгө жакын баланы тарбиялап келет. Бул имаратта сейсмикалык жактан сырткары өрт коопсуздугу сакталбай, жарымы жыгач, жарымы кыштан салынган.
Цирк артисттери жашоосун тобокелге салып иштегени менен айырмаланышат.
Дагы жүктөңүз