"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу.
Бишкек ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркады. Саламаттык сактоо министрлиги экөөнүн абалын өтө оор деп баалап жатат. Алар Бишкек шаардык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Президент Садыр Жапаров жылуулук борборунда жабыр тарткандардан кабар алды.
Президент Садыр Жапаров жарандарды социалдык батирлер менен камсыз кылууга багытталган жаңы жарлыкка кол койгонун билдирди.
Кыргызстанда Фейсбукка пикир жазган эки активист соттолду. Бир катар активисттердин соту уланууда. Башкырстанда нааразылык акцияларына чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Абактагы депутат Адахан Мадумаровдун сотунда күбө катары бир нече киши көрсөтмө берди.
Ондон ашуун журналисттин камалышы парламентте талкууланды. Бакиевге байланыштуу кеп-сөздөрдөн улам "апрелчилер" нааразылык акциясына чыкты. Пакистан Ирандын аймагына сокку уруп, кеминде тогуз киши каза тапты. Буга чейин Иран Пакистандын аймагындагы террорчуларды бутага алып, ракета аткан.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кечээ 48 саатка камалган ондон ашуун журналисттин бөгөт чарасы каралганы турат. Бишкекте аскердик тик учак кулап, экипаждын бир мүчөсү набыт болуп, 10 киши жараат алды. Башкырстанда нааразылыкка чогулган эл менен полиция кагылышты.
16-январда милиция ондой журналисттин үйүндө тинтүү жүргузүп, аларды суракка алып кетти. ИИМ "массалык башаламандык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Сот активист Зарина Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробация менен бошотту. Иран Ирактын аймагына сокку урду.
Швейцарияда Украинадагы согушту токтотуу боюнча “тынчтык формуласы” талкууланды. Давостогу жыйынга Орусиянын өкүлдөрү чакырылган жок. 24.kg маалымат агенттигине "согушту пропагандалоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү.
Адистердин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда бөйрөгү иштебей калган жаштардын катары калыңдап баратат.
Орусия Украинанын Киев, Львов, Одесса, Харьков баштаган ири шаарларына ракета, дрондор менен жапырт сокку урду. Кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылганы кабарланууда.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын жакындары акция өткөрдү. Шаардык сот абактагы 11 адамды камакта калтырды. Түркияда токойдо көмүлгөн кыргызстандык аялдын сөөгү табылганы кабарланды.
Башкы прокуратура парламенттен депутат Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурады. Кылмыш ишин козгоого уруксат берүү маселесин депутаттык комиссия териштирет.
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк трансплантациясы боюнча кезектеги операция жасалды. 43 жаштагы Жаныбек Калманбетовго анын бир тууган карындашы, 36 жаштагы Атыргүл Калманбетованын бир бөйрөгү салынды. Акыркы беш жылда аталган ооруканда 44 операция жасалды.
Орусия Донецк облусунда аскерлери алдыга жылып, Марьинка шаарын “ээлегенин” билдирди. Бирок Киев муну четке какты. Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам бүгүн күчүнө кирди. Ал арада сатуучулар базарларда туңгуч тууга суроо-талап көбөйгөнүн айтып жатышат.
Газада согуш уланууда. Ал-Магази качкындар лагеринде ондогон жайкын тургун набыт болгону кабарланды. Кыргызстанда сасык тумоо жайылып, вирус жуккандардын саны 16 миңге жетип, тогуз бейтаптан коронавирус табылды. Баткенде жашы жете электерге нике кыйган молдолорго милиция териштирүү баштады.
Элдик курултайда делегаттардын бир тобу тууну өзгөртүүгө каршы пикирин билдирди. Президент менен парламент спикери бүгүн желек боюнча оюн айткан жок.
Владимир Путин түз эфирде Украинадагы согушка байланыштуу суроого жооп берди. Мамлекеттик курулуш агенттиги Бишкекте мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмесин жарыялады. Мекеме элди алардан батир албоого чакырды. Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 200 миңге чейин азайды.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 90% чечилгенин эки өлкөнүн чек ара боюнча расмий өкүлдөрү билдирди. Атайын кызмат кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмүнүн бети ачылганын билдирди.
Кыргызстанда кызамык менен ооруган балдардын саны 5000ден ашты. Жыл башынан бери оорудан төрт жеткинчек чарчап калды. Казакстандын жети облусунун миңдеген тургуну кычыраган суукта жылуулуксуз калды. Украинанын президенти Зеленский Вашингтонго барды.
УКМК "Көлбаев-Матраимов" мафиясына байланышы бар делген 180ден ашуун кызматкер иштен алынганын билдирди. БУУ газалыктардын качар жери калбаганын айтып, гуманитардык апааттын алдын алуу үчүн ок атууну токтотууга чакырды. Бишкекте “Баткен-Комфорт” базарга ээлик кылган фирманын үч жетекчиси камалды.
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга камалды. Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров абакта калды. Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүнө соккусун улантууда. Аймакта гуманитардык кырдаал оор бойдон калууда.
Дагы жүктөңүз