"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Аксыда мал уурулуктун аягы суюла элек. Соңку 2-3 ай эле ичинде төрт айылдын өзүнөн 100дөн ашуун бодо мал, 200гө жакын кой-эчки жоголду.
ОшТВ телеканалынын жетекчилиги алардын антеннасына кечээ күнү белгисиз бирөөлөр ок атып, бузуп кеткендигин айтып чыкты.
Ош шаардык кеңешине “Замандаш” партиясынан мурда депутат болгон Нурадил Жолдошев аймактык шайлоо комиссиясынан мандатын кайрып берүүсүн талап кылууда.
Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарында курулушу башталып, токтоп калган көпүрөнү бүтүрүп берүүнү убада кылды. Бирок курулуш башка долбоор менен түшөрүн айтууда.
Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы эстакада көпүрөсүн бүтүрүп берүүнү убада кылды. Бирок курулуш башка долбоор менен түшөрүн айтууда. Көпүрөнүн иши менен таанышканы барган мэрди шаардыктар курчап алып, көпүрөнү тезинен бүткөрбөсө кызматтан кетүүсү керектигин эскертишти. Көпүрөнүн жаңы долбоорун эмдигиче сунуштабай жатканына нааразы болгондор шаарда арбын.
Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы эстакада көпүрөсүн бүтүрүп берүүнү убада кылды. Бирок курулуш башка долбоор менен түшөрүн айтууда.
Ошто террорчулукка шектелип кармалгандардын жетекчиси Кара-Суудагы мечиттердин бирининин имам-наиби болуп чыкты.
Акыркы жылдары Ош шаарынын Алишер Навои паркында кыргызча ырлар жаңырып келет. Себеби паркта 4-5 караоке бар. Ырдагысы келгендердин көпчүлүгү жаштар. Бул жерге келип обон созуп, чер жазып кетишет.
Ош шаардык мэриясы калаадагы автотыгынды азайтуу максатында көпүрө курулуп жаткан Навои көчөсүнүн бир ыптасын убактылуу ачты.
Ош шаардык прокуратурасы шаардын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов баштаган көпүрөнүн курулушу боюнча эки кылмыш ишин козгоду.
Кыргыз-америка фольклору Ошто
ОшТВ телеканалы аймактар аралык бөлүнүүгө чакырык таштаган деп айыпталууда. ОшТВнын жетекчилиги муну саясий куугунтук катары баалап, сөз эркиндигине басым катары сыпаттоодо.
Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавынын жашоочулары көбү айылынан чыгып кетип, батирде же туугандарыныкында жашап келишет.
Оштогу курут саткан базар борбордук базардын капталында жайгашкан. Бул жерде болжол менен 40-50дөй адам соода кылат.
Ош: Жаңы ажатканалуу жатакана
Ошто эс алуу багынын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп, кафе-чайканалар салынып атканына жашоочулар нааразы.
Ош шаарынын жаңы дайындалган мэри Айтмамат Кадырбаев журналисттерге маалымат берип жатып, кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын, мурдагы мэрдин жасаган жакшы иштери улантыларын айтты.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев журналисттерге маалымат берип жатып, кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын, мурдагы мэрдин жасаган жакшы иштери улантыларын кошумчалады. Бирок байкоочулар вице-мэрлик, бөлүм башчылык жана башка кызматтардын тагдыры мурда эле чечилип калганын белгилешүүдө.
Ош шаардык кеңеши Айтмамат Кадырбаевди 25 добуш менен шаар мэрлигине шайлады. Дагы бир талапкер Мелис Мырзакматов 19 добуш алды. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Мырзакматовдун тарапкерлери Оштун борбордук аянтына топтолуп, анан тарап кетишти.
Ошто 44 бюллетен эсептелди. 1 добуш жараксыз, 25 добуш Кадырбаев, Мырзакматов 19 добуш алды.
Дагы жүктөңүз