"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ошто мэр шайлоо алдында өзбек тектүү депутаттардын сүрөттөрүн жана алардын дайын-даректери жазылган баракчаларды белгисиз адамдар көчөлөргө илип кетип жатышат.
Соңку жылдары туруктуу жашоочу жайы жок селсаяктардын 10дон ашыгынын каза табышына ызгаар себеп болгон.
Ошто “Республика” фракциясынын депутаты Улан Примов шаардык кеңештин төрагалыгына шайланды.
27-декабрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ошко иш сапары менен барып, күч органдары менен жыйын өткөрүп кайтты.
Бул ирет жаңы башкаруучу коалицияга “Ата Мекен”, КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Замандаш” партиялары биригип, 23 депутат менен кирди. Ал эми оппозициялык блокто “Улуттар биримдиги” жана КЭДП (НДПК) партиялары 22 депутат менен калды.
Жол кырсыктары айдан-айга, жылдан-жылга көбөйүп, ага жараша жол коопсуздугу коомчулуктун көңүлүн бурган башкы маселеге айланды. "Азаттыктын" кабарчылары бул көйгөйдүн себептерин ар тараптан сураштырышты.
Ошто 7-декабрда өткөн митингде мурдагы мэр Мелис Мырзакматов жактоочуларынын алдына чыгып, бир катар билдирүүлөрдү жасады.
Камалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 2-декабрда Ошто митинг өткөрүп, бийликке бир нече талаптарды коюу менен таркап кетти.
25-ноябрдан тарта Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка каршы он алты күндүк өнөктүк жүрүп жатат. "Азаттыктын" кабарчылары зомбулук көрүнүштөрүнө, себептерине, мындай фактылардын ачыкка чыгуу тенденциясында өзгөрүү бар-жогуна кызыкты.
"Азаттыкттын" кабарчылары медициналык жайлардагы коопсуздукка, тез жардам кызматындагы жагдайга, бейтап -дарыгер мамилесине кызыкты.
Ошто 10-ноябрь жаштар күнүнө, 17-ноябрь студенттер майрамына карата 14-ноябрдын кечинде өткөн майрамдык салтанат шаардагы көпүрөнүн курулушуна карата марафон менен коштолду. Анда айрым студенттер стипендияларын, мугалимдер айлыгын, кыз-келиндер болсо сөйкө, шакектеринен бери асма көпүрөнүн бүтүшү үчүн тапшырып жиберишти.
Ош шаардык кеңешинин депутаттары мындан бир айча мурдараак башталган асма көпүрөнүн курулушу мыйзамсыз экенин жана иш плансыз жүрүп жатканын айтып чыгышты.
Ошто шаар мэрин шайлоону утурлай саясий күчтөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр, соодалашуулар башталганы байкалууда. Бирок шаар башчысын шайлоо күнү али белгилене элек.
Быйылкы окуу жылдын экинчи айында "Азаттыктын" кабарчылары мектеп рэкетчилиги боюнча соңку тенденцияга кызыкты.
Ош шаарындагы Курмай айт намазына 25 миңдей киши чогулганы айтылууда.
Кара-Суудагы мектептин 9-классынын окуучусу сабакка жоолук салынып келип жатканы үчүн мугалимден таяк жегенин айтып чыкты.
Ошто текшерилген кытай оюнчуктарынан балдардын ден соолугуна зыяндуу заттар табылды.
“Фридом Хаус” уюму Ош облустук сотунда аялдар тобунун эки адвокатка кол салышын айыптады.
Ош облустук “Уш садоси” гезитинин башкы редактору Мухаммадсали Исмаилов эки жылга шарттуу кесилди. Соттун өкүмү дагы бир апта ичинде күчүнө кирсе, алар бул мөөнөттү үй камагында өткөрүшөт.
Кара-Суунун чек арадагы Керме-Тоо айылында 10 гектардай алма бакты өзбек чек арачылары ээлеп алганы айтылууда.
Дагы жүктөңүз