"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кара-Суунун базарында иштегендер Бажы биримдигине кирүүдөгү шарттар жана кошулгандан кийинки жагдайлар тууралуу анча кабардар эмес. Ошого карабай мындагы соодагерлер бул уюм базардагы сооданы дээрлик токтотот деген пикирде.
Кара-Суунун “Туратали” базарындагы бир жарым жыл мурда болгон ажаткана кырсыгы иликтенип бүтүп, иш сотко өткөрүлдү.
Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 69 жылдыгы белгиленди. Анда театралдаштырылган оюн-зооктор болуп, кичи аскердик парад өттү. Майрамдык салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлү, вице-премьер-министр Элвира Сариева, Ош шаарындагы Орусиянын консулдугунун өкүлү катышты.
Өз үйүнүн алдында белгисиз бирөөлөр тарабынан ок атылган Жеңишбек Садиев ооруканада каза болду. Жеке ишкерди 30-апрель күнү көкүрөккө жана колго атып кетишкен эле.
Чек арадагы талаштуу тилкелерди чечүүнүн жолун батыраак таппаса, Борбор Азияда Крым сценарийи кайталануусу мүмкүн экени илимпоздордун Ош шаарында өткөн жыйынында айтылды.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
Ош шаарынын жаңы мэри ишке киргенден бери мэриянын 68 кызматкери иштен четтетилгендиги тууралуу маалымат тарады. Алардын айрымдары өз каалоосу менен кетсе, кээлери кысымдан улам жумуштан кеткенин айтышууда.
Оштун Манас-Ата кичирайонунун тургундары Кытайдын арматура чыгаруучу ишканасынан чыккан түтүн саламаттыкты жана экологияны бузуп жатат деп нааразы болушууда. Алардын талабы - бул кичизаводдорду шаардын сыртына чыгаруу.
Оштун Манас-Ата кичирайонунун тургундары ал жердеги Кытайдын арматура чыгаруучу ишканасынан чыккан түтүн саламаттыкты жана экологияны бузуп жатат деп нааразы болушууда. Мунун айынан ооругандар көбөйүп, элдин чыдамы кетип баратканын жергиликтүүлөр айтышат. Алар кичизаводдорду шаар сыртына чыгарууну талап кылышууда. Ишканада эмгектенгендер болсо, мындай дооматтарды четке кагып келет. Бийликтер бул маселе жакын арада териштирилерин белгилөөдө.
Ош шаарындагы митингде Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековду бошотуу талабы айтылды. Беш киши өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен жолугушту. Акциянын уюштуруучулары митингге 1000ден ашык адам келгенин айтса, милиция 200гө жетпеген адам чогулганын билдирди. Алардын көбү райондордон, негизинен Алайдан келишкен. 4-5 саатка созулган митинг мыйзам бузуусуз өттү.
Ош шаарынын Башкы архитектуралык планын иштеп чыгуу ар кандай себептер менен создугуп келет.
Тажикстандан келген эки жаран кыргызстандык ажы башчылар алардын 350 миң долларга жакын акчасын алдап алганын айтып чыгышты.
Ош шаардык кеңеши токтоп турган көпүрөнү куруу боюнча эки долбоорду жактырып, анын бирөөнү тандап алууну Ош мэриясына тапшырды.
Ош жана Баткен облустарынан Сирияга 54 киши кеткени такталды. Алардын баары жихадга кеткени айтылууда.
Оштун борбордук мечитинде аялдарга диний билим берүү борбору ачылды. Диниятчылар бул айымдардын радикалдашуусун алдын алуу үчүн жасалган кадам экенин айтууда.
ОшМУнун окутуучусу Аскар Акаев
“Айыл китепканасына китеп белек кыл”
Ош облусунда Сирия согушу от алгандан бери радикалдык маанайдагы топтордун активдешүүсү күч алган. Адистер диний кырдаалдын кооптуулугун имамдардын билиминин тайкылыгы менен байланыштырууда.
Ошто азыр "көпүрө" деген сөз ар бир шаардыкты кыжаалат кылат. Негизи Ак-Бууранын эки өйүзүн, башкача айтканда шаардын эки тарабын 4 көпүрө бириктирет. Алар Б. Нурматов көчөсү, Р. Абдыкадыров көчөсү, А. Навои көчөсү жана Т. Касымбеков көчөсү. Өткөн жылы башталган Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу ара жолдо калгандыктан, азыр ал жерде каттам токтогон. Касымбеков көчөсү болсо шаардын четинде. Нурматов көчөсү да борборго жакын эмес. Натыйжада, унаанын баары Абдыкадыров көчөсүнө туура келип, андагы көпүрөгө күч келүүдө. Ушул себептен улам пайда болгон автотыгын элди кыйнап келет.
Көпүрөнүн курулушу менен таанышкан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарына мынчалык чоң көпүрө куруунун кажети жоктугун билдирди.
Дагы жүктөңүз