Айыл китепканасына белек
Ошто “Айыл китепканасына китеп белек кыл” аттуу акция башталды. Аны Борбор Азиядагы Америка университети Ош облустук китепканасы менен бирге өткөрүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара элет жериндеги китепканаларды жаңы адабият жана аудио-видеолор менен толуктоого жардам берет. Каалоочулар белек кылган китептер айылдардагы китепканаларга бөлүштүрүлөт. Акция 10-апрелге чейин уланат. Ош облусунда учурда 200дөй китепкана бар.
Чыгарылыштар
-
Январь 19, 2025
Чек арачынын жесиринин үй маселеси чечилеби?
-
Январь 13, 2025
Ош: Көчөдө чачылган документтер үчүн ким жооптуу?
-
Декабрь 31, 2024
2024-жыл эмнеси менен эсте калды?
-
Декабрь 29, 2024
"Кирешелүү жана ылаңдабайт". Ак топоз баккан Таштанбек Акматов