2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.
Чикагодогу хоккей боюнча мелдеште кыргыз балдары жеңишке жетти.
"Азаттыктын" Журтташтардан жүз сунуш сынагы жыйынтыкталды
Түркмөнстанда өткөн Азия оюндарында Кыргызстандын командасы 70 байге менен 8-орунду ээледи.
Түркмөнстанда өтүп жаткан Азия оюндары жыйыныкталарына бир күн калды.
Бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси Айпери Медет кызы алдыга койгон максаттары менен бөлүштү.
Көк бөрү боюнча Астанада өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышкан Кыргызстандын улуттук курама командасы Бишкекке кайтып келди. Бирок күйөрмандар күткөндөй баш байгени уткан жок. Команданын мүчөлөрү анын себептери тууралуу маалымат жыйында жарыя кылышты.
Тыныбекова эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медал тагынса, жөө күлүк Маслова Универсиадада жеңүүчү аталды.
Көк бөрү федерациясынын өкүлү Ж.Саматов менен Астанадагы мелдештер тууралуу маек курду.
Күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбандары байгелүү кайтышты.
Абакир Рысов 55 жылдан бери килем үстүндө таймашып жүрөт. Ал азыр деле жаштар менен теңтайлашып машыгуу залдарынан чыкпайт. Ал күрөштүн беш түрү- дзюдо, кыргыз күрөшү, самбо, эркин жана грек-рим күрөшү менен жаштайынан машыгып, ардагерлер арасында дүйнө чемпиондуктарына 18 ирет катышып, 11 жолу бай
Балбан Базар Базаргуруев тогуз жылдан кийин коло байгеге ээ болду.
Икрамжан Илмиянов Көк бөрү федерациясынын башчысы болуп дайындалды.
Азиянын аймактык чемпиондугун уткан Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары Бишкекке келди. Мальдив аралдарында 22-марттан 30-мартка чейин өткөн Азиянын аймактык чемпиондугуна Кыргызстан менен кошо Түркмөнстан, Непал жана Мальдив командалары мөрөй талашкан. Финалда кыргыз
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2019-жылы өтчү Азия кубогуна даярданууда.
"Азаттыктын" 2016-жылы эң көп окулган 11 макаласы.
"Азаттык" узап бараткан 2016-жылы бир топ ийгиликтерге жетишти.
"Азаттык" 2016-жылдагы спорттогу жетишкендиктерге, өксүктөргө жана анын себептерине көз чаптырды.
Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында Польшада өткөн дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбандар бир алтын, эки коло байгенин ээси болушту. Алтын медалды Чынарбек Изабеков тагынса, Мелис Турганбаев менен Басылбек Мамытбеков коло байгеге ээ болушту.
Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот.
Рио-де-Жанейродо өткөн Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу катышып байгесиз кайтышты. Мелдеш жыйынтыктары жана ийгиликсиз күч сынашууларга эмне себеп болгондугу туурасында жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов "Азаттыкка" маек курду.
Дагы жүктөңүз