"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Кытайда коронавирустан акыркы маалыматтар боюнча 132 адам өлдү.
24-январда Түркиянын чыгышындагы Элазыг aймагындагы жер титирөөдө кеминде 39 кишинин өмүрү кыйылып, миңдеген адам жаракат алды. Күчү 6,8 баллга жеткен зилзаладан имараттар менен үйлөр кыйрап, учурда жергиликтүү калк чатырларда жашап жатышат. Түрк бийлиги табигый кырсыктан жабыр тарткандарга ар тарап
Тажикстанда өскөн Дарья Кащееванын «Кызым» мультфильми «Оскар» сыйлыгынын «Kыска метраждуу анимациялык фильм» категориясына көрсөтүлдү. Ал тажик жергесинде туулуп, төрт жашында Душанбеден Орусияга ата-энеси менен көчүп кеткен.
8-январда Алматы шаарында активисттер тобу саясий туткундарды бошотууну жана жарандардын конституциялык укугун урматтоону талап кылышты. Алар ошондой эле украин бийлигин блогер Жанара Ахметти Казакстанга экстрадициялабоого чакырышты.
Генерал Касем Сулейманинин сөөгү 7-январда жерге берилди. Анын жаназасында 50гө чукул жаран тепсендиде каза болду. 200дөн ашык киши жарат алды.
Түрк ЖМКсында бул окуя эл аралык мааниде изилдене турган кылмыш иши катары бааланууда.
Түркияда ар кандай иштерди аркалап жүрүшкөн мигранттардын арасындагы кыргызстандык мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин катарында акын, жазуучулар, сүрөтчүлөр, бийчи-ырчылар да кездешет.
Стамбулда кыргызстандык Нурадил Эшимбековдун бир айдан бери паспортсуз жүрөт. Ага соттук жараян бүткөнгө чейин Түркиядан чыкканга тыюу салынган.
Түркиянын Стамбул шаарына өтүп жаткан этнофестивалга бул жылы 17 өлкөдөн катышуучулар келген. Фестивалда кыргыздардын үрп-адатын, тамак-ашын Түркиядагы вндык кыргыздар конокторго көрсөтүп жатышты.
26-сентябрда Стамбул шаарында жер силкинип, сейсмологдор анын кубаты 6 баллга жакындаганын маалымдашкан. Түркиялык адистер акыркы 20 жылдан бери өлкөдө катуу жер титирөө болушу мүмкүн экенин эскертип, андан сактануунун жолдорун калкка айтып келишкен.
Түркияга Кыргызстандан иш издеп баргандардын арасында ортомчуларга алдангандар көбөйдү.
Көп жылдан бери Түркиянын борбор калаасында жашаган Зулайка Лепесова кол өнөрчүлүктүн бир канча түрү менен алектенет. Колунан көөрү төгүлгөн мекендешибиз кол өнөрчүлүктү атайын курстарга барып эле үйрөнүп алган.
Түркиянын Анкара шаарында эмгектенген ондогон кыргызстандык мигранттар учакка билет сатып алмакчы болуп мекендешине алданып калганын айтып чыгышты. Мигранттардын акчасын алган жаран менен учурда эч кандай байланыш жок.
Анкара университетинин профессору Гулзура Жумакунова бир канча жылдан бери дал ушул долбоордун үстүндө иштеп, илимий эмгектерин жазган.
Түркияда мектеп курагындагы балдарын кошо ала келип, окуткан кыргызстандык мигранттар жыл сайын көбөйүүдө. Муну алар бул өлкөдөгү билим берүүдө чет элдиктерге бирдей мамиле жана окуунун жогорку сапаты менен түшүндүрүшөт.
Түркиянын Ички иштер министрлиги быйыл 25-августтан тарта өлкөдө мыйзамсыз иштеген мигранттарды текшерүүнү күчөтөрүн маалымдады. Министрликтин сайтындагы маалымат боюнча чет өлкөлүктөрдү мыйзамсыз иштеткендер менен катар мигранттардын өздөрү да чоң айыппул төлөөгө милдеттендирилет.
Түркиядагы кыргыз жарандарынын консулдук төлөмдөрдү азайтууга байланыштуу суроо-талаптары социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Алар жаңы паспорт жана балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн төлөнчү акы көп дешет.
Түркиядагы кыргыз мигранттар өз мекенинде аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жардам болсун деп кийилбеген кийимдерди жиберип туруу демилгесин көтөрүп чыгышты.
Түркиядагы мигранттар бул өлкө кыргыз жарандарын дарылоого бөлгөн 150 орундук квотанын 50 квотасын сурап жатышат.
Полиция кылмышка шектүү адамды жашынып жүргөн жеринен кармаган.
Дагы жүктөңүз