Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:26

Түркияда кыргызстандык мигрант окко учту


Түркия. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркия. Иллюстрациялык сүрөт.

7-июлда Түркиянын жергиликтүү басылмаларында Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык өлтүрүлгөнү тууралуу кабар тарады. Окуя боюнча Аланиянын прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, көп узабай полиция кылмышка шектүү адамды жашынып жүргөн жеринен кармаган.

23 жаштагы Муктарбектин киши колдуу болгону тууралуу суук кабар Түркиянын дээрлик бардык басылмаларында жазылып, жергиликтүү окурмандар кызуу талкуулап жатышат. Окуя 7-июлда таңга маал болгондуктан окуянын күбөлөрү да аз. Муктарбек келишим түзүп келген «Атлант» агенттигинин кызматкери Орхан Кая суук кабарды угаары менен каргаша болгон жерге барганын айтып берди:

«Кыргыз жигит эртең менен жумушка барыш үчүн аялдамага чыгыптыр. Дал ошондо жолдун аркы бетиндеги кафеден мас абалындагы шектүү киши чыгат. Ошол убакта жолдун четинде турган башка бир түрктү мээлеп туруп атканда, ок кыргыз жигитке тийиптир. Мунун баары көчөдөгү коопсуздук камераларына түшүп калган. Каза болгон жигиттин эч кандай күнөөсү жок, каргыш тийген октун айынан өмүрү үзүлдү. Биз - агенттик жана каза болгон жигит иштеген мейманкана - бул кылмышкерди жөн койбой, эң оор жаза алышын талап кылабыз. Анткени Муктарбектин иштегени да, жүрүм-туруму да мыкты болчу».

Муктарбек келинчеги менен Кыргызстандан Анталияга келип иштеп жатканына 1,5 ай гана болгон. Ошол каргашалуу күнү автобус күтүп турганда ок тийген. Анын жерде жатканын көргөндөр «Тез жардамга» жана полицияга кабар беришкен. Бирок «Тез жардам» кызматкерлери келгенче жигит үзүлүп кеткен экен.

Аланиянын прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, ага шектүү катары 40 жаштагы жергиликтүү адамды кармашкан. Полиция аны аныктап, изине түшкөндө Алания шаарынан качууга аракет кылганы айтылууда.

Муктарбек иштеген мейманкананын жетекчилери «Азаттыккa» айткандай, Түркиянын эмгек келишими кенемте төлөө мыйзамына ылайык мигрант канча айга келишим түзүп келсе, ошончо айлыгы толугу менен жакындарына төлөнүп берилет. Муктарбек быйыл октябрга чейин Аланиядагы мейманканада иштемек.

Бишкек шаарындагы Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын жетекчиси Шерболот Обозов мигранттар Түркияга иштегени баратканда агенттиктер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү экенин белгиледи:

«Ар бир мигрантка агенттиктер аркылуу кетип жатканда алдын-ала түшүндүрүү тренингдерин өтөбүз. Жарандар резюмесин алып келип, ага виза ачылганга чейин Түркияда иштөө боюнча маалыматтар берилет. Ар бир агенттик Түркиядагы менталитет жана жашоо шарты боюнча айтып берүүгө милдеттүү. Мигранттын жаңжалга же кырсыкка учурашын эч ким каалабайт. Анткени Түркияда көп нерсе Кыргызстандан айырмаланат, жада калса «жолдо кандай гана болбосун биринчи машинени өткөрүп, анан өзүңөр өткүлө» деп айтабыз».

Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү милдетин Муктарбек иштеген мейманкана толугу менен өз мойнуна алды. Бул тууралуу «Атлант» агенттигинин жетекчиси Назира Сактанбекова «Азаттыкка» билдирди:

«Муктарбектин сөөгүн жеткирүүнү жана келинчегинин Кыргызстанга келген чыгымын толугу менен мейманкана төлөмөй болду. Дүйшөмбү күнү келинчеги келсе, шейшемби күнү «Жүк 200» келет деп турабыз».

Анталияда соттук-медициналык экспертиза жана тергөө иштери бүткөн соң кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине жөнөтүлө турганы кабарланды.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет. Жайында Түркияда иштеген кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көбөйөт.

2018-жылы Түркиядан Кыргызстанга 15тей «Жүк 200» жөнөтүлгөн. Бул сан мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп. Негизинен мигрант кыз-келиндер саламаттыгынын начарлыгынан каза болгон. Баарына кайыл болуп өз жанын кыйгандар да бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG