"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары 1-августта ачылары кабарланды. Эки өлкө ортосунда эл аралык каттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы да маалым болду.
Түркиянын Стамбул шаарындагы нечен кылым карыткан "Айя София" музейи кайра мечит болуп калды.
Түркияда жашаган вандык кыргыздар «Улуу Памирден - Кыргызстанга» аттуу акцияны башташты.
Анталияда эмгектенип жаткан кыргызстандык кыз-келиндер мекенге атайын коргоочу костюмдарды тигип жөнөткөнү турушат.
Малайзия дүйнөдө COVID-19 вирусунан аз жабыркаган өлкөлөрдүн бири.
Түркиядагы кыргызстандыктар Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберүү ишин колго алышты. Мекендештер кычкылтек концентраторлорун жана дары-дармектерди жөнөтүп жатышат.
Чет өлкөдөн Кыргызстанга келе албай жаткан мекендештердин аягы сууй элек.
Түркиядан Кыргызстанга дагы эки атайын чартердик каттам уюштурулат. Аны менен элчиликтин тизмесинде турган 466 жаран Кыргызстанга кайтары кабарланды.
26-июнда Түркиянын Стамбул шаарында жашаган 50дөй түркмөнстандык пикетке чыкты. Алар түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматтан кетишин жана Түркиядагы түркмөн мигранттарын тез арада мекенине жеткирүүнү талап кылышты.
10-июндан тартып Түркиянын авиакомпаниялары 40 өлкөгө каттамдарын ачкан. Ал эми «Turkish airlines» жана «Pegasus» авиакомпаниялары Кыргызстан менен аба каттамдарды 1-июлдан баштап калыбына келтирүүнү сунуш кылды. Бирок кыргыз өкмөтү макул боло элек.
Түркияда 1-июндан тартып карантин чаралары алына баштады. Ресторандар жана ишканалар үч айлык карантинден кийин кайрадан иштей башташты. Расмий Анкара жарандарды коомдук жайларда тазалыкты сактап, беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирди.
Коронавирус пандемиясынан улам жабык турган чек аралардан өтө албай калган мигранттардын ордуна Түркиянын Карадеңиз аймагында чай плантацияларына жергиликтүү жумушчулар же өлкөдөгү чет өлкөлүк мигранттар агылып барып жатат. Алардын арасында кыргызстандык мигранттар да бар.
Түркияда вандык жети кыргыз коронавирустан дарыланууда. Алар Түркиянын баш калаасы Анкарада жашап, вирусту иштеген жеринен жугузуп алышкан.
Өлкөдө эки айдан бери токтоп турган ири компаниялар июндан тарта ишин улантууга даярданууда.
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги 20-майдан тартып Түркиянын менчик ооруканалары 31 өлкөдөн бейтаптарды кабыл ала баштай турганын маалымдады. Бул тизмеге Кыргызстан да кирди. Бирок мамлекеттик квота менен Түркияда дарылана турган кыргыз жарандары качан бара турганы белгисиз.
14-майда Түркиядагы ван кыргыздарынын тарыхчысы, санжырачысы, аалымы Абдулхалим Ватан дүйнө салды. Ал кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын жана маданиятын изилдеп, айыл тургундарынын маселелерин Кыргызстанга жеткирип турган.
15-майда Стамбул-Бишкек каттамы менен мигранттардын дагы бир тобу мекенге кайтат.
Түркияда коронавируска байланыштуу жабылган ишканалар жана дүкөндөр акырындап ачыла баштады. 11-майдан баштап чач тарач жана сулуулук салондору ишке киришти.
Түркияда убактылуу ишсиз калган кыргызстандык мигранттар айрым жергиликтүү бийликтеринен азык-түлүк жардамын алып жатышат. Ал эми мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды жана студенттерди Түркиядагы диаспоралар, коомдор жана мекендештер колдоп жатышат.
Дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинин айынан Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын айрымдары жумушсуз калышты. Аба каттамдарынын жабылышы менен Кыргызстанга да кете албай, ара жолдо калган мигранттар өз жанын бакканга каражаттары тартыш экенин айтышууда.
Дагы жүктөңүз