"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Түркиянын Миграция департаменти мигранттардын виза алуу жараянын жеңилдеткен токтом чыгарды. Быйыл январдан бери борбор азиялык мигранттарга кыска мөөнөткө туруктуу жашоого уруксат берилбей жаткан. Эми мекеме 10-сентябрдан баштап виза берилерин кабарлады.
Тажикстандык серепчилер акыркы жылдары өлкөдө сабаттуулуктун деңгээли төмөндөгөнүн айтып келишет. Тажик бийлиги, тескерисинче, элдин сабатсыздыгы жапырт жоюлганын баса белгилейт. Mугалимдер болсо коронавирус пандемиясы балдардын билим алуусуна терс таасирин тийгизип жатканына кооптонушат.
Апта башында Түркиянын Стамбул шаардык соту 2017-жылдын 1-январында Стамбулдагы «Рейна» түнкү клубуна кол салуу үчүн айыпталган Абдулкадыр Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратып, ал баш-аягы 1368 жылга кесилгенин маалымдады.
Беларустагы оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникованы 7-сентябрда Минскиде белгисиз адамдар уурдап кетти. Күбөлөрдүн айтымында, аны уурдагандар беткапчан, жарандык кийимчен болушкан.
Түркиянын саламаттык сактоо министри өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталганын айтты. Өзгөчө борбор калаа Анкарада коронавирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатканына токтолду.
Түркмөн бийлиги өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Марый облусунда беткап кийип жүрүү эрежесин сактабаган, буга байланыштуу айып төлөй албаган жарандарды пахта терүүгө жөнөтүп жатканы кабарланган. Ашхабад мындан баш тарткандар эмгек лагерлерине мажбурлап жөнөтүлөрүн эскертти.
Адам укуктары боюнча эл аралык уюм Түркмөнстанда жаза мөөнөтү бүткөндөр дагы эле дайынсыз экенин жана алардын укуктары одоно бузулуп жатканын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү Түркиядагы кыргызстандык мигранттар менен жолугушту. Жыйында 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун жараяны талкууланды.
Кыргыз-өзбек чек арасында 31-майда болгон чатакты чагылдырган, Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунан чыккан видеоблогер Дадахон Хайдаров 10 суткага камалды.
26-августта Тажикстандын азыркы мамлекет башчысы Эмомали Рахмон президентикке көрсөтүлдү.
Өзбек бийлиги 15-августтан баштап карантиндик чектөөлөрдү жеңилдеткенден кийин расмий каттоого тургусу келген жаш жубайлар кескин көбөйдү.
Түркиянын полициясы мурдагы СССР аймагындагы эң таасирдүү «мыйзамдагы ууру» атыккан Надир Салифовдун өлүмүн иликтөөдө.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 21-августтагы элге кайрылуусунда Кара деңизде газ өндүрөрүн жарыялады.
Орусия Түркмөнстан менен 17 жыл мурда түзүлгөн коопсуздук келишимин ратификация кылды.
12-августта Тоолуу Бадахшандын Ванж аймактык администрациясынын алдына бир топ жаштар чогулуп, "эркектерди мажбурлап сакал-мурутун алдырганга” каршы экенин билдиришти.
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси, 29 жаштагы Айсултан Назарбаев Лондондо каза болду.
Түркиянын Изник шаарында 2021-жылы өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы тууралуу маалымат берилди.
Казакстандык жарандык активист Асия Тулесова эки ай камакта отургандан кийин тергөө изоляторунан бошотулду. Сот аны мамлекеттик кызматкерди "мазактаган" жана полиция кызматкерине карата "зомбулук көрсөткөн" деп күнөө койгон.
Өзбек бийлиги Ташкенттин жанында түрмөдө коронавируска чалдыккандар үчүн карантин аймагын курууну пландаштырууда.
7-августта Түркияда бир доллар жети лирага көтөрүлүп, пандемия учурунда тогуз пайызга кымбаттады.
Дагы жүктөңүз