Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Эмомали Рахмон президенттикке кайра көрсөтүлдү


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

26-августта Тажикстандын азыркы мамлекет башчысы Эмомали Рахмон президентикке көрсөтүлдү.

«Тажикстандын экономикалык реформалары» партиясы Рустам Рахматзоданын талапкерлигин алып чыкты. Ошол эле учурда жалгыз оппозициялык Социал-демократиялык партия эч кандай талапкер көрсөтпөй турган болду. Тажикстандын азыркы мамлекет башчысы, 67 жаштагы Эмомали Рахмонду Көз каранды эмес кесиптик кошуундар федерациясы президентикке көрсөттү.

Рахмон өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келет. 2013-жылкы шайлоодо ал расмий маалыматтарга ылайык добуштардын 84% алган.

Ал эми 24-августта «Тажикстандын экономикалык реформалары» партиясынын жыйынында делегаттар президенттик шайлоого Рустам Рахматзоданын (Кудратов) талапкерлигин көрсөтүштү. Рахматзода жакырчылыкты азайтуу жана экономикалык өнүгүү үчүн күрөшүүгө убада берүүдө. Партиянын талапкери азыркы өкмөттүн ишин жогору баалап, министрлер кабинети экономикалык өсүштү 10% көтөрүш толук мүмкүн деп ишенерин айтты.

Ошондой эле Рахматзоданын шайлоо программасында илимге жана жаңы инновацияларга каржылоону көбөйтүүгө, банк секторунда олуттуу реформаларды жүргүзүүгө жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртууга басым жасалат. Кесиби экономист Рахмотзода өз программасында жаш адистердин түйшүгүнө да токтолгон.

«Акыркы 20-30 жыл ичинде турак жай сатып ала албай жаткан жаш адистерге көңүл буруш керек. Салык өтө чоң. Ошондой эле биз чет элдик инвесторлордун келишине шарт түзүшүбүз керек»,- деди ал.

Рахматзода президенттик жарышка биринчи жолу катышууда. Партиянын мурдагы төрагасы Олимжон Бобоев буга чейин эки жолу президенттикке ат салышкан. Ал тажик парламентинин төмөнкү палатасынын өкүлү.

Оппозициядагы Социал-демократиялык партиянын төрагасы Рахматилло Зойиров 24-августта билдирүү таратып, анда Тажикстанда учурда конституциялык мыйзамдар бузулуп жатканын билдирди:

«Тажикстандагы президенттик шайлоо жөнүндөгү мыйзам мурунку Конституция менен кабыл алынган. Ал Конституция даярдалып жатканда Тажикстанда президентти шайлоо институту жок болчу. Башкача айтканда бул мыйзам кабыл алынган күндөн тартып Конституцияга каршы келет».

Социал-демократтардын лидери Зойиров өз билдирүүсүндө саясий партияларды «элдин кызыкчылыгына чыккынчылык кылды» деп айыптады. Анын айтымында, саясий партиялар бийлик өкүлдөрү менен бирге шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн шайлоого добуш беришкен. Зойировдун айтымында, 31 000 комиссия мүчөсүнүн 25 000ден ашыгы бийликтеги партиянын мүчөлөрү.

Зойиров ошондой эле талапкерлердин кол топтоо жараяны өтө татаал жана чындыгында эле реалдуу эмес экендигин белгиледи. Ал бийлик башка саясий партиялардын талапкерлерине кол топтоого жардам берерин четке какпайт. Зойиров муну менен шайлоого бойкот жарыялаганын билдирди.

«Мен Тажикстандын жараны жана Социал-демократиялык партиясынын төрагасы катары учурдагы мыйзамсыз, Конституцияга жана элге каршы президенттик шайлоонун мыйзамдуулугун колдобойм, шайлоого катышууга ниетим жок», деп жазды Зойиров «Фейсбуктагы» баракчасында.

Жергиликтүү серепчилер алдыдагы президенттик шайлоо бийлик түзгөн план боюнча өтөрүн белгилеп жатышат. Саясат таануучу Парвиз Мулложанов «Азаттыктын» тажик кызматындагы маегинде мындай деди:

«Азыркы шайлоодо өз алдынча талапкерлер жок. Тажикстандын Социал-демократиялык партиясы өз талапкерин көрсөтсө атаандаштык болушу мүмкүн. Бирок Беларустагы окуялардан кийин бийликтегилер бул партиянын өкүлүн президенттикке талапкер катары каттоодон өткөрүшү мүмкүн эмес».

Айрым серепчилердин айтымында, Тажикстанда талапкерлер «кошомат» үчүн гана шайлоого барышат. Бийликтегилер бул өнөктүктүктө «атаандаштык бар» экенин көрсөтүүнү каалашат. Бирок талапкерлердин өздөрү жана алардын жактоочулары бул пикирге макул эмес.

Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өтүп, өлкө президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат. Президенттикке талапкерлер Тажикстанда кеминде 10 жыл жашап, мамлекеттик тилди билип, жогорку билимге ээ болуп, курагы 30 жаштан кем эмес болушу керек. Мыйзамга ылайык, саясий партиялар, облустардын, шаарлардын жана райондордун кесиптик бирикмелери Тажикстандын болочок президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтө алышат.

Коңшу өлкөнүн эгемен тарыхында өткөн бир да шайлоо демократиялык институттар жана ЕККУ тарабынан эркин жана демократиялык деп таанылган эмес.

Бул Тажикстан эгемендик алгандан бери алтынчы президенттик шайлоо. Эмомали Рахмон буга чейинки шайлоолордун баарында жеңүүчү деп жарыяланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG