"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Өзбекстанда мамлекеттин карамагындагы 109 гезит-журнал жана басмаканалар сатыкка коюлду. Президент Шавкат Мирзиёев 27-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, ондогон мамлекеттик ишкана-мекемелер да менчиктештириле турган болууда.
Түркиянын Измир аймагында 30-октябрда болгон жер титирөөдө кыргызстандык үч мигрант жашаган батир жарактан чыгып калган. Алардын кийим-кечеги, документтери ураган үйдүн ичинде калып, учурда иштеген жерлеринде баш калкалап турушат.
30-октябрда Түркиянын Измир аймагындагы зилзаладан каза болгондордун саны 83 кишиге жетти. Миңге жакын жаран жарадар болгону кабарланды. Жергиликтүү бийлик үйсүз калган тургундарды убактылуу батирлерге жайгаштырып, президент Режеп Тайып Эрдоган аларга тез арада жаңы үй салып берүүгө буйрук берди.
Жума күнү Түркиянын Измир аймагында күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Зилзалада баштапкы маалымат боюнча 12 киши кайтыш болгону, 400дөн ашык жаран жабыркаганы кабарланды.
Түркмөнстанда коронавирустун жайылышына байланыштуу абал оорлошуп баратат. 1-ноябрдан тарта өлкөдө карантиндик чектөөлөр күчөшү мүмкүн деген кабарлардан кийин кырдаал ого бетер чыңалууда.
23-октябрда өзбек бийлиги журналист Бобомурод Абдуллаевге каршы төрт ай мурун козголгон кылмыш ишин токтотуп, ага коюлган айыптардын баарын жокко чыгарды.
Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы «Uzbekistan GTL» заводун куруп жаткан «Enter Engineering» компаниясынын миңдеген жумушчулары башаламан нааразылык акциясын өткөрүштү. Анда 5000дей киши заводдун имаратына күч менен кирип, компьютерлерди, эмеректер менен буюмдарды талкалап кеткен.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 2021-жылдын ортосуна чейин ар бир үйгө «акылдуу» газ эсептегич орнотуларын билдирген. Ал долбоорду «Худудгазтаъминот» мамлекеттик акционердик коому жана «Texnopark» фирмасы ишке ашырган.
Түркиянын Миграция департаментинде 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын дээрлик көпчүлүгү эмгек мигранттары. Түркиядагы кыргызстандыктардын айрымдары өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча өз ойлорун билдиришти.
Эгемендүү Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу сот мурдагы саясий туткундун материалдык жана моралдык зыяны үчүн мамлекеттен кенемте талап кылган талабын жарым-жартылай канааттандырды.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы «Мен Жалолиддин» аттуу телесериалды жана 13 тасманы тартууда «бюджеттик каражат ири өлчөмдө сарпталып, уурдалып, ысырап болгон» деген факты боюнча тергөө жүргүзүүдө.
Армения менен Азербайжан ок атышпоо макулдашуусун бузду деп бири-бирин күнөөлөп жатат. Расмий Баку Арменияны жекшембинин таңында Азербайжандагы экинчи ири шаар Гянжага артиллериялык чабуул жасады деп айыптады.
Казак өкмөтү жакында Франциядан саясий башпаанек алган бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов Парижде «Акча уурдоо» беренеси боюнча айыпталып, камакка алынганын билдирген. Ал эми Аблязовдун адвокаты ага 7,5 миллиард долларды уурдоо боюнча айып коюлганын тастыктаган.
Түркия Кыргызстандагы легитимсиз кош бийликти тааныбайт. Мындай билдирүүнү Түркиядагы Мугла Сыткы Кочман университетинин профессору, эл аралык байланыш боюнча серепчи Сердар Йылмаз "Азаттык" радиосуна берген маегинде баса белгиледи.
Парламенттик шайлоого карата Түркияда эки шайлоо тилкеси ачылат. Анын бири Анкарадагы элчиликте болсо, экинчиси Стамбулдагы башкы консулдукта. 2017-жылы өткөн шайлоого салыштырмалуу бул жылы добуш берүүчүлөр эки жарым пайызга көбөйгөн. Дем алыштагы шайлоодо Түркиядан 1218 шайлоочу добуш бере алат.
Тажикстанда 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого элдин кызыгуусу байкалбайт. Жергиликтүү серепчилер муну талапкерлер ортосунда чыныгы саясий атаандаштыкка таянган күрөштүн жоктугу менен түшүндүрүп жатышат.
Дем алыш күндөрү Казакстандын бир нече регионунда нааразылык акциялары өттү. Алар элдин банктарга карызын кечүүнү, саясий туткундарды бошотууну жана өкмөттүн кетишин талап кылышты.
Постсоветтик өлкөлөрдө жарандык коомдун демилгеси менен бийлик шайлоодо таза жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн добуш берүүнүн жаңы технологияларын киргизүүгө аракет кылып жатса, расмий Дүйшөмбү бул теманы кыйгап өтүүдө.
Түркиянын Ван облусунда жайгашкан Улуу Памир айылында жүздөн ашуун адамдан коронавирус аныкталды. Жуктургандардын дээрлик көпчүлүгү айыл сакчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Ал эми түрк бийлиги акыркы бир жума ичинде вирус боюнча көрсөткүчтөр эки эсе көбөйгөнүн билдирди.
Дагы жүктөңүз