Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:34

Тажикстанда эл шайлоонун калыс өтөрүнө ишенбейт


Тажикстанда 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого элдин кызыгуусу байкалбайт. Жергиликтүү серепчилер муну талапкерлер ортосунда чыныгы саясий атаандаштыкка таянган күрөштүн жоктугу менен түшүндүрүп жатышат.

Тажикстанда президенттик шайлоого эки жумадан аз убакыт калды. Ага беш талапкер катышууда. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарында президент Эмомали Рахмондун расмий иш-чаралары байма-бай көрсөтүлүп, азыркы президент-талапкер менен ат салыша турган башка төрт талапкердин шайлоочулар менен жолугушуулары үстүрт, кыска жаңылыктар аркылуу чагылдырылууда.

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы бардык шайлоо тилкелери даяр экенин, добуш берүүчүлөрдүн тизмелери такталганын билдирди. Бирок учурда мамлекеттик телеканалдарда үстөмдүк кылып жаткан шайлоо жөнүндөгү «жалындуу» сөздөр чыныгы кырдаалга дал келбейт. Анткени тажикстандык шайлоочулар президенттикке талапкерлер кимдер экенин, кандай убадаларды берип жатканын же программалары кандай болгонун билишпейт.

«Ким жеңери белгилүү»

Комрон - Тажикстандын Улуттук университетинин аспиранты. Ал октябрь айында боло турган президенттик шайлоодон кабардар бар экенин, бирок талапкерлердин программалары жөнүндө эч нерсе билбегенин айтты:

«Эгерде Эмомали Рахмон алдыдагы шайлоого катышып жатса анда ким жеңери азыртан эле белгилүү. «Улут лидери» деп аталган адам шайлоодо утулуп калат дегенге ишенбейм. Калган талапкерлер шайлоого катышабыз деп жатат, бирок алардын катышуусу шайлоого таасирин тийгизбейт деп ойлойм».


Тажикстандагы шайлоо алдындагы маанай кошуна Өзбекстанда өткөн акыркы президенттик шайлоо менен үндөшүп турат. Анда Өзбекстанда Ислам Каримов каза болгондон кийин анын милдетин аткарып калган Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Ошол кезде серепчилер негизги талапкер саналган Мирзиёевден башка талапкерлер жарышка саясий атаандаштык бар экенин көрсөтүү үчүн гана катышканын айтышкан. Дал ушундай пикирлер учурда Тажикстандагы президенттик шайлоонун айланасында да айтылууда.​

«Көргөзмө атаандаштык»

Көз карандысыз серепчи Абдумалик Кодиров тажик бийлиги бул шайлоодо бардык жараяндар мыйзамдын ар бир тамгасына төп келерин баса белгиледи.

«Чындыгында телеканалдар бизге шайлоо жөнүндө эмнелерди көрсөтсө, ошону менен гана чектелип жатабыз. Ар ким өзүнүн көйгөйү менен алек. Бул шайлоодон жаңы эч нерсе күтүлбөйт. Бардык талапкерлер бир нече жыл мурун эле белгилүү болушкан. Алар албетте шайлоодо атаандаштык бар экендигин дагы бир жолу көрсөтүүгө аракет кылышат».

Абдумалик Кодировдун көз карашында 2013-жылы президенттик шайлоодо оппозициялык блоктон талапкер болгон Ойниxол Бобоназарованын катышканы шайлоо өнөктүгүн бир аз «жандандырган». Андан айырмаланып, быйылкы шайлоо өнөктүгүнүн сценарийи алдын ала даярдалган деп эсептейт талдоочу.

Шайлоого солгун мамилени британиялык изилдөөчү Жон Хизершоу тажик элинин саясатташпаган, саясаттан, саясий темаларда сүйлөшүүдөн оолак эл экендиги менен түшүндүрөт. Мындай пикирин ал «Азаттык» радиосунун тажик кызматына берген маегинде билдирген.


Ал эми президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун серепчиси Махди Собир элдин саясий активдүүлүгү шайлоого күчтүү талапкерлердин чыныгы саясий атаандаштык үчүн күрөшүнө көз каранды деп эсептейт.

«Азыр 90-жылдардагыдай атаандаштык жок. Жарандык согуш, андан кийинки кыйынчылыктардан, оор турмуштан улам адамдарда мындай саясий окуяларга терс мамиле жаралды. Алар өз жашоосу менен алек болуп, күнүмдүк нан таап жегенге аракет кылып калышты. Чыныгы атаандаштык болгондо гана эл шайлоого кызыга баштайт. Бийлик алмашкыс болсо жарандардан саясий активдүүлүктү күтүүгө болбойт».​

«Жакшы жашоонун айынан шайлоо кызыктуу эмес»

Президенттикке талапкер Абдухалим Гаффорзоданын шайлоо штабынын башчысы Наим Зариф «өлкөдө шайлоо алдындагы чыныгы атмосфера жок» деген көз карашка кошулбайт. Анын айтымында, мурунку президенттик шайлоо учурундагы кырдаалга салыштырмалуу азыр өлкөдөгү социалдык маселелердин дээрлик көпчүлүгү чечилгендиктен, эл мурдагыдай активдүү болбой калган.

«Көпчүлүк өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө калк өз президентинин атын да билбейт. Бирок бул алардын сабатсыз экендигин билдирбейт. Мамлекет башчысы кандай гана адам болбосун, аларды коомдук жана саясий укуктары сакталары жана саясий окуялар тынчсыздандырат. Балким биздин мамлекетте болуп жаткан ошол эле окуяларга кызыгуунун төмөндөшү, өлкөдөгү жашоо деңгээлинин жогорулашына байланыштуу болсо керек», - деди Зариф.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт, өлкө президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин Эмомали Рахмон Тажикстандын президенти болуп төрт ирет көпчүлүк добуш менен шайланган.

ЕККУ баштаган демократиялык институттар тарабынан Тажикстандагы бир дагы президенттик шайлоо эркин жана демократиялык деп таанылган эмес.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG