«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
"Азаттыктын" апта түрмөгү бул ирет үй-бүлө, туугандар арасындагы мүлк талаш тууралуу болмокчу.
Өзгөн шаарынын борбордук паркы шаар мэри менен жергиликтүү ишкерлер ортосундагы талашка айланды.
Жогорку Кеңеште кыздарды эрте күйөөгө берүүнү ооздуктоо үчүн мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө нике кыюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, талкууланып жатат.
Ош шаарындагы 16-кесиптик лицейде жайгашкан шайлоо участкасынын жанында "Береке" дүкөнүндө божомол боюнча "Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү шайлоочуларга акча таратып жаткан видео тасма "Азаттыктын" кабарчысына келип түшкөн. Тасмада кишилер дүкөндүн арткы эшигине кирип чыгып жатканын көрсө болот. Бу
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 27-мартка белгиленген шайлоону өткөрүүгө толук даяр экенин жарыялады.
Ошто дагы бир жол кайгуул милициясы токмок жеп, ооруканага жатты. Жабырланган милиция өзүн ИИМдин ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкери урганын айтууда.
Апта темасы аркылуу “Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстанда калыптанып келаткан үй кызматчы, бала багуучу кызматтарынын азыркы көрүнүшүн сүрөттөгөнгө аракет кылышты.
Бул ирет “Азаттыктын” кабарчылары өлкөдө дайыма көйгөй жаратып турган тиричилик таштандыларынын күңгөй-тескейин жер-жерлерден териштирип, аны чечүүнүн жолдорун сураштырып көрүштү.
Ушу тапта Ош шаарынын борбордук аянтында үч миңдей милиция кызматкери чогулуп турат. Интернетте бул иш-чара бийликтин 24-мартта Ошто өтө турган жыйынга карата каршы иш чара катары бааланууда.
Ошто "Акындар падышасы. Ош-Нооруз 2016" аталышындагы эл аралык акындардын театралдашкан айтышы болуп өттү. Ага Кытай, Казакстан жана Кыргызстандан тандалган сегиз төкмө акын катышып, кыргыз тарыхындагы белгилүү баатырлардын образында айтышты.
Ош: пикетке чыккан аялды милиция кармап кетти
Ошто чек арачынын жоголушуна, бир катар аскерлердин сабалышына, бейбаш милицияларга байланышкан кылмыш иштердин тергөөсү создугуп келатат.
Ошто "Республика Ата-Журт" партиясынын атынан шаардык кеңештин депутаттыгына аттанган мектеп директору кызматтан алынды.
Ошто Ак калпак күнүнө карата 500 жигит катышкан флешмоб өттү. Ош шаарынын мэри ак сакалдарга, мекеме, ишканалардын кызматкерлерине ак калпак кийгизди. Бишкектиктерди майрамы менен аскердик үйлөмө аспаптар оркестри куттуктады.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук казыятынан билдиришти. Маалыматка караганда облус казысынын демилгеси менен бардык мечиттердеги дин кызматкерлери өз аймактарын тазалоого чыгышты. Алар көбүнчө мечиттердин, бейиттердин жана жалгыз бой жашаган карылардын тамаркаларын тазалап жатышат. Облус аймагында 822 мечит бар.
Ош шаардык кеңешиндеги 45 орунга 13 партиядан миңдей талапкер ат салышууда. Аттуу- тондуу партиялардын алдыңкы тизмесинде буга чейинки шайлоодо башка партиянын туусун көтөргөн аткаминерлер арбын чыгууда.
Суу таңкыстыгы Африка кыштактарындай болгон айылдар Кыргызстанда да бар. Маселен, Ош шаарынын Жапалак айылындагы жүздөгөн кожолук суу ташуучу машинеден сууну 30-50 сомго сатып алышат. Суу ташыгыч унаа келбей калса, таза сууну бири-биринен карызга алып оокат кылышат.
Ош шаарынын Жапалак айылында 8-класстын окуучусу асынып алган. Маркумдун атасы муну диний ишенимдин таасиринен көрүүдө.
Кезектеги апта темасында кылмыштын акыркы кездери күч алган уурулук көйгөйү тууралуу сөз болот. Кабарчыларыбыз жер-жерлерде күч алган уурулуктун себептерин, кесепеттерин талдашат.
Дагы жүктөңүз