Суу таңкыстыгы Африка кыштактарындай болгон айылдар Кыргызстанда да бар. Маселен, Ош шаарынын Жапалак айылындагы жүздөгөн кожолук суу ташуучу машинеден сууну 30-50 сомго сатып алышат. Суу ташыгыч унаа келбей калса, таза сууну бири-биринен карызга алып оокат кылышат.