«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Ошто Мамдирекция курган үйлөрдү сыртынан соодалагандар боюнча чуулуу иштин бети ачылууда. Июнь окуясынын курмандыктарына курулган үйлөрдү сыртынан сатты деп айыпталып жаткандар да, алардан алдандым деген жабырлануучулар да үй алуу үчүн үлкөн чиновниктерди сыйлаганын айтып чыгышты.
Озгур айылында жүзгө жакын дыйкан үлүшкө берилген кайрак жер жеке адамдардын колуна өтүп кеткенин айтышууда.
Ош шаарына караштуу Озгур айылынын жүздөй тургуну нааразылык акцияга чогулушту. Буга алардын үлүшкө берилген 112 гектар кайрак жер жеке адамдардын колуна өтүп кеткени себеп болду. Ош шаардык мэриясы өз карамагындагы жердин жең ичинен сатылышына байланыштуу азырынча чара көрө элек.
Ошто үй боюнча жаңжалда Мамкаттоонун жетекчиси Тайырбек Сарпашев менен өкмөт башы Сооронбай Жээнбековдун аты аталды.
Ош шаарына караштуу Жапалак айылында теңтушун өлтүрүүгө шектелип камалгандарды куткаруу үчүн марафон уюштурулганы кабарланууда. Айыл эли бир өлүм үчүн беш баланы каматып жиберүүдөн пайда жок дешет.
Жапалак айылында теңтушун өлтүрүүгө шектелип камалгандарды куткаруу үчүн марафон уюштурулганы кабарланууда.
Ош шаарынын башчысы жол эрежесин бузган айдоочунун айыбын акыры моюнга алды. Ош шаардык жол кайгуул кызматы шаар башчынын айдоочусун айыпка жыга албай эки күндөн бери буйдалып жаткан эле.
Ош шаарынын башчысы жол эрежесин бузган шоопурунун күнөөсүн акыры мойнуна алды.
Ошто милиция кызматкери кыз зордуктады деген уу-дуу басылбай келет. Коомчулук экиге бөлүнүп, кыздын өзүнүн жүрүм-турумун сындагандар да бир топ. Кыз зордуктады деген милиция кызматкерине азырынча эч кандай чара көрүлө элек.
Ошто "Мүмкүнчүлүгүң болсо ил, муктаж болсоң ал!" аттуу кийим үкөгү ачылды.
Референдумга каршы топтун Оштогу алгачкы жыйыны кызуу талкуу менен өттү.
Референдумга каршы топтун Оштогу алгачкы жыйыны кызуу талкуу менен өттү. Жолугушууга келгендердин бүйүрүн баш мыйзамдагы никеге туруу беренеси кызытты. Ал арада активисттер референдумга коюлган деерлик бардык өзгөрүүлөрдү өлкө кызыкчыгына каршы келет деп чечмелеп беришти.
Ноокат районунда тогуз жыл мурда асынып өлгөн келинге байланышкан сот иши али аягына чыга элек. Бул арада ушул эле Жаңы-Ноокат айылында дагы үч келин удаасы менен өз жанын кыйганы маалым болду. Серепчилер келиндердин өзүнө өзү кол салуусуна үй-бүлөдөгү зомбулук себеп болгонун белгилешет.
Ошто ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдарга дарты угузула баштады.
Ноокат районунда тогуз жыл мурда асынып алган келинге байланышкан сот иши али токтой элек.
Ош технологиялык университетинде жүздөгөн студенттердин паспортторун староста, кураторлор чогултуп алып, биометрика тапшырууга милдеттендиришүүдө.
Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндө өзгөчө абал жарыяланып, мектептер жана бала бакчалар ишин токтотту.
Кытай элчилиги Ош шаарынын мэрине Land Cruiser үлгүсүндөгү жолтандабас белек кылганы коомчулукта кызуу талкууга түштү. Айрымдар Кытайдын кымбат белегин алуу коррупция дешсе, дагы бир тобу ал жолтандабас мэрге эмес мэрияга берилгенин эскертишүүдө.
Оштогу айыл чарба техникумунун жетекчиси өз студенттерин үй жумуштарына пайдаланары ачыкка чыкты. Андан сырткары техникум студенттери күн сайын беш-алтыдан нөөмөттөшүп, сабак учурунда окуу жайдын дарбазасын кайтарышары шардана болду. Кесипкананын илгертен берки жетекчиси мыйзам чегинде иштеп ата
Кытай элчилиги Ош шаарынын мэрине жолтандабас белек кылганы коомчулукта талкууга алынууда.
Дагы жүктөңүз