«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Оштогу айыл чарба техникумунун жетекчиси студенттерди үй жумуштарына пайдаланары ачыкка чыкты.
Кытайдын Оштогу консулдугу жөө адамдар баскан жолго дубал тургузду.
Кыргызстанда калктын өсүшүнө же азайышына таасир эткен кандай факторлор бар?
Караганга киши жок кемпир-чалды, Жолу таштак Алайкуу ээн калды. Жери сараң эли март Алайкуунун, Уул-кыздары, Же ишкерлери, Же тың чыкмалары, ой-бой унуттубу? -дедирген Алайкуу өрөөнүндө миграция укмуштуудай күч алган. Каралбай калган же биротоло бузулган үйлөр көп.
Кыргызстанда Баш мыйзамда кепилдеген диний ишеним эркиндиги барбы? Басымдуу бөлүгү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугу башка диндерге толеранттуубу? "Азаттыктын" апта темасынын бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.
Ошто банк насыячыларын коргоо уюму "Халык" банкы доолап келген үйдү сактап калышты. Башка адам алган насыя үчүн үйүн күрөөгө койгон адамдын көзү өтүп кеткен. Маркумдун аялы үй күрөөгө коюлганын билбегенин айтууда.
Ош шаарында жөө басуучу жолдорго өзүмбилемдик менен ашкана же дүкөн куруп алуу кадимки көрүнүшкө айланды.
Акыркы жылдары Алайкуудан көчүп кеткендердин саны арбыды. Мунун айынан айылдардын ичи суюлуп, бош калган үйлөр көбөйдү. Жергиликтүү эл бул көрүнүшкө өрөөндөгү социалдык шарттардын чечилбегени себеп дешет.
Кыргызстандагы маданий борборлор эмне үчүн күнүмдүк көйгөйлүү темаларга кайрыла албай жатат? Мисалы, Оштогу театрларда миграция, коррупция жана диний радикализм сыяктуу темалар тууралуу спектаклдер коюлган эмес.
Өзгөн районунда балдарын мушташтырганы үчүн эки айга камакка алынган аталар бир нече берене боюнча күнөөлөнүүдө. Бул арада бала мушташтырган аталардын туугандары бийликтен ырайым кылууну суранышууда.
Жергиликтүү бийликтин аймактарды өнүктүрүү багыттары, аракеттери менен көйгөйлөрү "Азаттыктын" апта темасында.
Өзгөн районунда балдарын мушташтырганы үчүн эки айга камакка алынган аталардын туугандары бийликтен ырайым кылууну суранышууда.
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы 14 жаштагы кызды топтошуп зордуктоого айыпталган үч кишини кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп жиберди. Өспүрүм кыз зордукталгандан кийин көз жарып, наристенин биологиялык атасы белгисиз бойдон калууда. Учурда кордолгон кыз мектепти таштап, айылдан көчүп кетүүгө аргасыз
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы 14 жаштагы кызды топтошуп зордуктоого айыпталган үч кишини кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп жиберди.
Ош облусунун Алайкуу өрөөнүндө ветеринарлардын тартыштыгынан улам эл өз малын өзү даарылаганды үйрөнүп алган. Алардын бири алайкуулук Курманбек Каракозуев. Өзү мугалим, бирок мал сырын да жакшы билип алган. Бүгүн эки тайдын ууру тишин алып, жылкыларга стоматолог болду.
6-октябрда "Кара-Суу" базарын тазалаган жумушчу аялды райондун салык кызматкери зордуктоого аракет кылып, ага болушкан күйөөсүн сабап салганы тууралуу маалымат социалдык тармактарда тараган. Учурда салык кызматкери да, "аялыма болушуп токмоктолдум" деген жумушчу да бири-бирин күнөөлөп ооруканада жатышат.
Кечээ Кара-Суу базарын тазалаган жумушчу аялды райондун салык кызматкери зордуктоого аракет кылып, ага болушкан күйөөсүн сабап салды деген маалымат социалдык тармактарда тараган. Учурда салык кызматкери да, аялыма болушуп токмоктолдум деген жумушчу да бири-бирин күнөөлөп ооруканада жатышат.
Акжол Махмудов Тбилисиде өткөн грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдеште дүйнө чемпиону болду. Жаш спортчу бул ийгиликке жетүүдө мамлекеттин эмес, атасынын салымы көбүрөөк болгонун айтты. Махмудов ушундай эле жол менен 2020-жылдагы олимпиада чемпиону болууну кыялданат.
Күз келгени кечки убакыттын көбүн айылдыктар да, шаардыктар да тойлордо өткөрүп калышты. “Азаттыктын” кабарчылары быйылкы тойлордун мүнөзүн, өзгөчөлүгүн сураштырып, чыгымдарын болжолдуу санап көрүштү.
Кызылкыялык ишкер УКМК кызматкерлеринен таяк жегенин айтып чыкты. Анын ырасташынча, чекисттер андан "үлүш талап кылышкан". Окуяны учурда Ноокат райондук милициясы териштире баштады.
Дагы жүктөңүз