"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Президенттик шайлоонун жыйынтыгы чоң талаш туудурган Иранда өлкөнүн эң жогорку органы - Көзөмөл кеңеши 12-июндагы президенттик шайлоодогу добуштардын бир бөлүгүн кайра саноого даяр экенин жарыялады. Мунун алдында кечээ Ахмадинежаддын президенттикке кайра шайлануусуна каршы ислам ыңкылабынан берки эң ири деп эсептелген нааразылык акциясы өтүп, анда атылган октон 7 адам мерт болгон эле.
“Манас” аба майданындагы америкалык аскер базасынын тагдыры Бишкектин эмес, Москванын колунда. Ошондуктан бул маселени Обама менен Медведев гана чечиши мүмкүн. Бул жөнүндө “Азаттыктын” толкунунда саясат таануучу Орозбек Молдалиев ой-пикир бөлүштү.
Талибан кыймылы Ооганстан менен Пакистанда өкмөткө каршы гана күрөш жүргүзбөстөн, маданий майданда да согушууда. Талибдердин бул эки өлкөдө музыкага жана музыканттарга каршы өнөктүгүнүн себептери кайда жатат? “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кабарчысынын суроолоруна британиялык этнограф жана музыка таануучу Жон Бейли (John Baily) жооп берди.
Борбор Азия лидерлери соңку кездери аймактагы өлкөлөр үчүн Ооганстан жана Пакистан тараптан келген, атап айтканда Талибан туудурган коркунуч күчөгөндүгү тууралуу айта башташты. Бул маселеге ушул аптада кыргыз президенти Курманбек Бакиев да токтолду. Коңшу Өзбекстан болсо чек араларын бойлото аң казып, тосмо орнотууга өттү. Азыркы тапта талибдердин Борбор Азия үчүн коркунучу канчалык реалдуу?
АКШнын Мамлекеттик департаменти апта башында “Эркиндикти жана демократияны илгерилетүү” деп аталган жылдык баяндамасын жарыялады. Анда “демократиялуу эмес же демократияга өтүү жолунда” деп эсептелген 106 мамлекет камтылып, АКШнын бул өлкөлөрдө демократияны жана адам укуктарын колдоо боюнча аракеттери баяндалган.
Дүйнөлүк базарда кара май кайрадан кымбаттай баштады. Былтыр июлда мунай баасы рекорддук чекке чыгып, бир баррели 147 долларга бааланган эле. Кайра декабрда дүйнөлүк экономикадагы кризистен улам 33 долларга түшүп калган. Андан бери баа акырындык менен эки эседен ашуунга көтөрүлүп, ушул күндөрү бир баррель мунай 71 долларга сатылууда. Азыркы кымбаттого кайсыл факторлордун таасири тийүүдө?
Орусияда бүгүн иш сапары менен Германиянын тышкы иштер министри Франк -Вальтер Штайнмайер жүрөт. Ал Москвадагы бул жолку сапары учурунда президент Дмитрий Медведев баштаган орус жетекчилиги менен гана сүйлөшүү өткөрбөстөн өлкөдөгү жарандык коомдун жагдайына да баш багып, оппозициячыл маанайдагы “Новая газетанын” редакциясына барары белгиленген.
Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө орун алган тополоңдорго ушул аптада жыйырма жыл толду. 1989-жылдын 3-4-июнундагы окуялардын соңунан миңдеген месхет түрктөрү Өзбекстандан көчүүгө аргасыз болушкан эле. Турак үйлөрдүн өрттөлүүсү, адамдардын өлүмү менен коштолгон ал тополоңдун тутанышына себеп болгон жагдайлар тууралуу азыркыга чейин ар кандай пикирлер айтылып келет.
4-июнда Польшадагы ыңкылапка жыйырма жыл толду. 1989-жылдын ушул күнүндөгү унутулгус шайлоонун натыйжасында “Солидарность” кыймылынын бийликке келүүсү жалгыз эле Польша эмес, Чыгыш Европанын ал кездеги коммунисттик өлкөлөрүнүн баары үчүн бурулуш алып келген окуя катары эсептелинет. Ал чөлкөмдө коммунизмдин кыйроосунун башталышы болгон эле.
АКШда автомобиль өндүрүшүнүн дөө-шааларынын бири General Motors бүгүн банкрот болуу үчүн расмий түрдө арыз берди. Бул АКШ өнөр-жайынын тарыхында банкротко учуроонун эң ири окуясы болот. Бирок банкротко учуроо менен автомобиль ишканасы жок болуп кетпестен, кайрадан түзүлөт.
Казакстанда өткөн аптада “Нур Отан” партиясы он жылдык мааракесин белгилеп, анда мамлекет башчысынын дарегине алкоо сөздөр арбын айтылды. Президенттин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев казак президентинин абийирин төгүүнү көздөгөн китебин Европада чыгарды. Ал “Атаман кайын ата” (Крестный тесть) деп аталат.
Өзбекстандын Анжиян шаарында орун алган кан төгүүгө кечээ төрт жыл толду. Ташкентте аны белгилөөгө уруксат берилген жок. Ал эми адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Евробиримдикти Анжиян трагедиясы толук жана көз карандысыз иликтенмейинче Өзбекстанды санкция алдында кармоого чакырышты.
АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Конгрессти Пакистанга берилүүчү акчалай жардамды көбөйтүү сунушун колдоого чакырды. Ричард Холбрук бир аптада эле Конгрессте Вашингтондун аймактагы саясаты боюнча экинчи ирет көрсөтмө берди.
Британияда өлкөдөгү эки ири партиянын депутаттары чыгымдарын казынадан кантип кайтарып алгандыгы боюнча маалыматтардын ачыкка чыгышы коомчулукту ден-дароо кылды жана премьер- министр Гордон Браундун өкмөтүнүн анысыз деле төмөн беделине сокку ургансыды. Браун бүткүл саясатчылардын атынан элден кечирим сурады, бирок бул коомдун ачуусун басуу үчүн жетишсиздей өңдөнөт.
АКШ Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысын алмаштырды. Пентагон мындай чечимдин жүйөөсүн согушкерлер менен күрөшүү үчүн Ооганстанда алдында “жаңы көз караш, жаңы ыкмалар” зарылдыгы менен түшүндүрдү.
Казак президентинин мурдагы кудасы, академик Мухтар Алиев айрымдар күткөндөй Австриядан мекенине кайтып келбеди. Казак расмий өкүлдөрүнүн айтымында, ал Казакстанга кетүүсүнө жардам көргөзүүсүн өтүнүп апта башында өлкөнүн Венадагы элчилигине кайрылган.
Вашингтондо АКШ, Пакистан жана Ооганстан президенттери жолукту. Тараптар согушкерлерге каршы күрөштөгү кызматташтыкты, АКШнын аймак боюнча жаңы стратегиясын талкуулашты.
Түркия бийликтеринин айтымында, өлкөнүн түштүк-чыгышында кыргында террордук актынын белгилери жок. Тескерисинче бул эки үй-бүлөнүн касташуусунун натыйжасы окшойт. Бирок касташкан ошол эки үй-бүлөнүн тең күрддөрдүн өкмөт көзөмөлүндөгү аскерий кошууну менен байланышта болгону көп суроолорду жаратууда. Дүйшөмбү күнү үйлөнүү үлпөтү учурунда жасалган кол салуудан кырк төрт адам каза тапкан эле.
Глобалдык экономикадагы кризис дүйнөдөгү сөз эркиндигине да терс кесепетин тийгизгени Фридом Хаус уюмунун жылдык баяндамасында айтылат. Анда Кыргызстан кайрадан “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесине кирип, рейтинги эки баскычка төмөндөгөн.
Мексикадан башталган чочконун сасык тумоосу азыр Европа менен Азияны көздөй да жайылууда. Мексикага коңшу АКШда адам майып болгон алгачкы учур катталды. Чочконун сасык тумоосу деген эмне, адамга ал кандай шартта жугуусу мүмкүн жана кантип коргонуу керек?
Дагы жүктөңүз