Кандуу окуя Түркиянын Сирия менен чектеш Мардин провинциясындагы Билге деген кыштакта болду. Күбөлөрдүн айтымында, эки жүздөй киши катышкан үйлөнүү тою өтүп жаткан жайга беткеп кийген белгисиз адамдар капыстан келип ок чыгарган. Андан мерт болгон кырк төрт адамдын алтоосу жаш балдар, он алтысы аялдар болуп чыкты, каза тапкандар арасында колукту менен күйөө да бар.
Түркиянын ички иштер министри Бешир Аталайдын билдиргенине караганда, бул кыргын - күрд согушкерлеринин колунан келген иш эмес, анын ордуна жергиликтүү эки үй-бүлөнүн ортосундагы кастыктын натыйжасындай көрүнүп турат.
Учурда кыргынга шектүү деп эсептелген сегиз адам кармалды. Бул камоолор да кандуу окуя бир эле кыштактагы эки үй-бүлөнүн ортосундагы узактан берки тирешүүнүн эң жеткен чеги экенин ырастачудай. Түркиянын “Хурриет” гезитинин жаңылыктар боюнча редактору Нейат Бейсар да "Азаттык" радиосунун кабарчысы менен маегинде, ушундай эле ойдо экенин белгиледи:
- Бул - эки үй-бүлөнүн душмандашуусу сыяктуу. Биринчи үй-бүлө кыз алардын жигитине турмушка чыгуусун каалаган, кыздын үй-бүлөсү буга макулдук бербей, аны экинчи үй-бүлөнүн баласы менен баш коштурууга аракеттенген. Кол салууну болсо биринчи үй-бүлө уюштуруп отурат.
Айтор алыскы айылдардагы үй-бүлөлөрдүн өз ара атаандаштыгы белгилүү эле көрүнүш экенине карабай, бул кыргындын масштабы Түркиянын ден-дароо кылбай койгон жок. Журналист Нейат Бейсардын айтымында, мүлк же үй-бүлө куруу менен байланышкан ыйкы-тыйкылыктардын мындай кыянатчылык менен аяктоосу сейрек эле кездешчү:
- Кан төгүү менен коштолгон талаш-тартыштар жаңылык эмес экенине карабай, албетте бул - Түркия үчүн толугу менен жаңылык. Алакандай айылда мынчалык чоң масштабдагы кыргын буга чейин кездешкен эмес.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, кыргынга тиешеси барлардын баары эле бир кыштактын тургундары өңдөнөт, атүгүл шектелип камакка алынгандар менен курмандыктардын айрымдарынын фамилиялары окшош чыккан. Бирок окуя толугу менен жергиликтүү мүнөздө экенине карабай, Билге кыштагындагы эркектердин баары күрддөрдүн өкмөт көзөмөлүндөгү аскерий кошуунунун мүчөсү экендиги бул кылмыштын маанисин арттырууда.
Кылмыш жасалган айыл курамына кирген Мардин провинциясынын орун басар губернатору Ахмет Ферхат Озен Түркиянын НТВ телеканалына кылмыштын жүйөөсү – Айыл сакчылары деп аталган өкмөтчүл аскерий кошуундун ичиндеги эки атаандаш топтун ортосундагы эски кастык болуусу мүмкүн экендигин билдирди.
Айыл сакчылары - жергиликтүү күрддөрдүн Түркиянын түштүк-чыгышындагы айылдарды Күрд жумушчу партиясынын же ПККнын согушкерлеринин кол салуусунан коргоо үчүн түзүлгөн кошууну.1985-жылы түзүлүп, алтымыш миң адамдан турган бул топту курал менен түрк өкмөтү жабдыйт. Бирок күрддөрдүн аталган аскерий кошууну кээде өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, кээ бир мүчөлөрү жеке кызыкчылыгын көздөгөн иштер менен шугулданып кеткени да айтылып жүрчү.
Айыл сакчылары буга чейин өз маккамын атаандаш кландарга кол салуу, жер элөө, контрабанда менен алектенүү максатында пайдаланганы үчүн айыпталган. Түркия өлкөнүн түштүк-чыгышында стабилдүүлүктү кармоо үчүн мындай талаштуу кошуунга али көз каранды экенине карабай, акыркы кандуу окуя жарандарды курал менен жабдуунун кеспеттери канчалык экенин каңкуулагансыды. Эгер Билге кыштагындагы кандуу окуяга аскерий кошуундун катышы бардыгы чын эле далилденсе, Түркия аны таратабы же жокпу, муну убакыт көргөзөт.

Алакандай айылда мынчалык чоң масштабдагы кыргын буга чейин кездешкен эмес.