"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Роза Отунбаева Астанадагы саммитте ЕККУга мүчө өлкөлөрдү Кыргызстандагы парламенттик башкарууну колдоого үндөдү.
Кытай эки корей өлкөсүнүн “кооптуу” тирешүүсүн басаңдатуу үчүн Түштүк Корея менен иштешүүгө макул болгону Сеулдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин жарыяланды.
Корей жарым аралында чыңалган кырдаал сакталууда. Түндүк Корея коңшусу Түштүк Корея менен АКШнын апта соңунда башталаары белгиленген биргелешкен машыгуусу аймакты согуш босогосуна алып келерин эскертти.
Түндүк Кореянын артиллериялык соккусунан соң АКШ президенти Барак Обама Түштүк Кореяны аны менен ийиндеш болоруна дагы бир ирет ишендирди.
23-ноябрда Түндүк Корея менен чек арада соңку жылдардагы эң олуттуу чатактардын бири орун алды.
Португалияда бүгүн НАТОнун эки күндүк саммити ачылууда. Саммитте бир катар олуттуу темалар козголору күтүлүүдө.
НАТО ушул аптадагы саммитине даярдык көрүүдө. Айрымдар альянстын алдыдагы башкы көйгөйү катары Орусия менен мунаса табуу маселесин аташат.
Мамлекет башчылардын сот жообуна тартылуусуна негиз берген шарт-жагдайлар жана окуялар эл аралык практикада да кездешет.
Казакстандагы соңку эл каттоонун расмий жыйынтыгына караганда, өлкөдө түпкү улут – казактардын саны бир топко көбөйгөн.
Кыргызстанда ишкерликтин эрежелери жакшырганын эл аралык уюмдар да белгилешүүдө. Бирок кагаз менен турмуш чындыгы ортосундагы айрыма али чоң.
Дүйнөлүк базарда пахта баасы кымбаттагандыгынын пайдасын Өзбекстанда ак алтындын кара жумушун кылгандар эмес, башкалар көрөт.
Эл аралык валюта кору жана эксперттер Кыргызстандын тополоңдо эси оогон экономикасында келерки жылы өсүш болот деп жатышат. Буга кандай өбөлгөлөр бар?
Экономика төмөндөп жаткан шартта, расмий маалыматтарга караганда, микрокаржы уюмдарынан кредит алган кардарлардын саны көбөйгөн.
Венесуэланын Беларуска иш сапары менен келген президенти бул өнөктөш өлкөнү мунай менен такай камсыздап турууну убада кылды.
Грузин парламенти жума күнү өлкө Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча талаштуу мыйзамды акыркы окуудан кабыл алды.
Рашт өрөөнүндө бийлик мурдагы оппозициянын жергиликтүү кол башчыларынын айрымдарын өкмөттүк күчтөр менен иштешүүгө көндүрө алгандыгы кабарланууда.
Тажикстандын Согди облусунда өткөн айдагы террордук чабуулга тиешеси бар деп шектелгендер кармалды. Раштагы козголоңчуларга мунапыс сунуш кылынууда.
Чилиде эки айдан ашуун убакыттан бери жер алдында, жүздөгөн метр тереңдикте камалып отурган кенчилерди куткаруу операциясы жүрүүдө.
Чет элдик басма сөздө Кыргызстандагы шайлоодо парламентке кирген партиялардын карманган багытына баа берилүүдө.
Үстүбүздөгү аптада алтындын баасы дүйнөлүк базарда жаңы рекорддук чектерди багындырып, бир уницийи 1350 доллардан ашып, кайра бир аз төмөндөдү.
Дагы жүктөңүз